Башкы беткеПрезидентКыргызстанда кылмыштардын рецидиви боюнча жоопкерчилик күчөтүлдү

Кыргызстанда кылмыштардын рецидиви боюнча жоопкерчилик күчөтүлдү

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине, Кылмыш-жаза кодексине жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Мыйзам уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү максатында кылмыштардын рецидиви институтун кайра киргизүүнү карайт. Ага ылайык, кайрадан кылмыш жасаган адамдар үчүн жаза чаралары катаалдаштырылып, коркунучтуу жана өзгөчө коркунучтуу рецидив боюнча өзүнчө тартиптер белгиленди.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, рецидив менен кылмыш жасагандар катуу жана өзгөчө режимдеги түзөтүү мекемелеринде жаза өтөшөт. Ошондой эле мындай адамдарга пробациялык көзөмөлдү жана мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууну колдонууга тыюу салынат.

Мындан тышкары, рейдерлик, бажы төлөмдөрүнөн качуу, бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоо жана экстремисттик уюмдарды түзүү сыяктуу бир катар кылмыштар үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү.

Мыйзам кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар