Адылбек Касымалиев туристтик аймактарда коомдук тартипти сактоо жана жарандар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоо максатында түзүлгөн Бирдиктүү коопсуздук кызматынын бөлүктөрүнүн гарнизондук ачылышына катышты.
Иш-чарада белгиленгендей, туристтик аймактардагы милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде, күнү-түнү иш алып барат. Коопсуздукту камсыздоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн кошумча техникалык каражаттар жана транспорт каражаттары берилген.
Ошондой эле республика боюнча коомдук жайларда жана туристтик аймактарда 10 миң видеокамера орнотулуп, көзөмөл системасы кеңейтилген.
Касымалиев туризм өлкө экономикасынын негизги багыттарынын бири экенин белгилеп, конокторго коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүү мамлекеттин артыкчылыктуу милдети экенин айтты. Ал ошондой эле алдыдагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата коопсуздук чаралары өзгөчө күчөтүлөрүн кошумчалады.
Мындан тышкары, браконьерчиликке каршы күрөшүү жана Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо иштери улантылып жатканы белгиленди.



