12 жылдык билим берүүнүн негизги максаты – балдарды өзгөрүп жаткан дүйнөнүн талаптарына даярдоо. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Баткенде өткөн ата-энелер форумунда билдирди.
«12 жылдык билим берүүдө баланын жаш курагы өзгөрбөйт, билим берүүнүн мазмуну өзгөрөт. Биз балдарыбызды келечектин чакырыктарына даярдашыбыз керек. Жаңы окуу китептеринин негизги урааны — окуу, изденүү жана үйрөнүү. Биз балдардын маалыматты жаттап алуусуна эмес, анализдеп, жыйынтык чыгара билүүсүнө басым жасап жатабыз», — деди агартуу министри.
Министрдин айтымында, жаңы окуу китептери окуучулардын өз алдынча изденүүсүн, талдоо жүргүзүүсүн жана чечим кабыл алуу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле ал билим берүүнүн сапатын жогорулатууда мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү өзгөчө маанилүү экенине токтолду.
«Баткенде мугалимдердин кесиптик өнүгүү борборун түзүшүбүз керек. Жаңы билимди мугалимдерге жеринде жеткирген системаны калыптандыруу зарыл», — деди министр.
Мындан тышкары Догдуркүл Кендирбаева мамлекет башчы тарабынан билим берүү тармагына кеңири колдоо көрсөтүлүп жатканын белгилеп, сапаттуу билим берүүдө мектеп, мугалим жана ата-эненин биргелешкен аракетинин маанисин баса белгиледи.
«Кыргызстандын эң чоң байлыгы — анын балдары. Баланын билим сапаты жогорулаган сайын мугалимге болгон талап дагы күчөйт. Ошондуктан ар бир педагог тынымсыз изденип, өнүгүп турушу керек», — деди Кендирбаева.



