Марлен Маматалиев Казакстанга жасаган расмий сапарынын алкагында өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Казакстандын саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Марлен Маматалиев алгач Кыргыз Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, кыргыз тарап Казакстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдой турганын белгиледи. Ошондой эле соңку жылдары эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги байланыштар кыйла активдешкенин айтып, жетишилген макулдашуулар эки тараптуу кызматташтыкты дагы да бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.
Төрага парламенттик дипломатиянын маанисине өзгөчө токтолуп, мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү эки мамлекеттин алакаларын чыңдоонун негизги факторлорунун бири экенин белгиледи.
Мындан тышкары, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү алкагында Марлен Маматалиев Астана шаарындагы негизги көчөлөрдүн бирине кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады.
Өз кезегинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жогорку Кеңештин Төрагасынын расмий сапары эки өлкөнүн кызматташтыгына жаңы дем берерине ишеним билдирди.
«Кыргызстан биз үчүн жакын коңшу, бир тууган мамлекет жана ишенимдүү өнөктөш. “Казак-кыргыз – бир тууган” деген сөз бекеринен айтылган эмес», — деди Токаев.
Ал ошондой эле Кыргызстандын экономикасында оң өсүш байкалып жатканын белгилеп, өлкөнүн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышын Борбор Азия үчүн маанилүү тарыхый окуя катары баалады.
Жолугушуунун соңунда тараптар парламенттер аралык кызматташууну тереңдетүүгө, жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды мыйзамдык жактан камсыздоого жана Кыргызстан менен Казакстандын стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык мамилелерин мындан ары да ар тараптуу өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.



