Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө 16-июнда таңкы саат 04:00дөр чамасында Кытайдын аймагында болгон. Жер титирөөнүн очогу Каракол шаарынан түштүк-чыгышты карай 143 чакырым алыстыкта жайгашып, очоктогу күчү 3 баллга чейин жеткен.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жердин силкинүүсү сезилген эмес.
Эске салсак, бир күн мурда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда да күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын очогу Токтогул шаарынан чыгышты карай 36 чакырым, ал эми Төркент айылынан түндүк-чыгышты карай 19 чакырым аралыкта жайгашкан.



