Башкы беткеМинистрлер кабинети"Бала ырысы" жөлөк пулу кийинки айдан бериле баштайт

“Бала ырысы” жөлөк пулу кийинки айдан бериле баштайт

Адылбек Касымалиев “Бала ырысы” аттуу ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пулду дайындоо тартиби жөнүндө №421 токтомго кол койду.

Документ Президенттин тиешелүү жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынып, эрте курактагы балдардын өнүгүүсү үчүн шарттарды жакшыртууга, балдар арасындагы жакырчылыкты кыскартууга жана үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоо системасын күчөтүүгө багытталган.

Токтомго ылайык, жаңы жөлөк пулдун өлчөмү айына 1 200 сом деп белгиленди. Документ 2026-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

Финансы министрлигине жөлөк пулду өз убагында жана үзгүлтүксүз каржылоо үчүн республикалык бюджеттен керектүү каражаттарды бөлүү тапшырылды.

Жөлөк пулду дайындоо процессин жөнөкөйлөтүү жана ачык-айкындуулукту жогорулатуу максатында санариптик технологиялар жана ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуу кеңири колдонулат.

Саламаттык сактоо министрлиги Президенттин Иш башкармалыгы жана “Түндүк” ААК менен биргеликте жаңы төрөлгөн балдар тууралуу маалыматтарды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өз убагында өткөрүп турат.

Ошондой эле ата-энелерге жөлөк пул алуу укугу медициналык кызматкерлер тарабынан үйгө баруу жана пландуу эмдөөлөр учурунда алдын ала маалымдалат. Үч жашка чейинки балдардын медициналык маалыматтары “Санариптик медициналык карта” системасында жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, Президенттин Иш башкармалыгы жана “Кызмат” мамлекеттик мекемесине 2026-жылдын 1-июлуна чейин балдары үч жашка чейинки жарандардын жашаган жери боюнча каттоо системасын иретке келтирүү тапшырылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар