Башкы беткеСаясатБорбор Азиянын ШКУдагы ролу талкууланды

Борбор Азиянын ШКУдагы ролу талкууланды

Күн мурун Душанбе шаарында Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин демилгеси менен «Борбор Азия — ШКУнун өзөгү: тынчтык жана биргелешкен өнүгүү мейкиндиги» аттуу эл аралык конференция өттү.

Иш-чарага Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысынын милдетин аткаруучу орун басары Самат Ордабаев катышты. Конференциянын катышуучулары бүгүнкү күндө Борбор Азия эгемендүү мамлекеттердин ортосундагы коңшулаштык жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын үлгүсүнө айланып жатканын белгилешти. Ошондой эле аймактын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо негизги милдет бойдон калып жатканы айтылды.

Самат Ордабаев өз сөзүндө эл аралык коопсуздукту камсыздоодо аймактык уюмдардын ролу өсүп жатканын белгилеп, ЖККУ менен Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Борбор Азиядагы туруктуулукту сактоого кошуп жаткан салымына токтолду.

Ал ошондой эле 2025-жылы Бээжин шаарында кол коюлган ЖККУ, ШКУ жана КМШнын 2026–2028-жылдарга карата кызматташуу боюнча Жол картасы аймактык уюмдардын ийгиликтүү өз ара аракеттенүүсүнүн мисалы экенин белгиледи.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар коопсуздук, экономикалык өнүгүү жана аймактык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар