Башкы беткеПрезидентАлбаниянын Президенти Байрам Бегай Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Албаниянын Президенти Байрам Бегай Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 17–19-июнь күндөрү Албания Республикасынын Президенти Байрам Бегай Кыргызстанга расмий сапар менен келет.

Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, сапардын алкагында Чолпон-Ата шаарында эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусу өтүп, кыргыз-албан кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланат.

Тараптар экономика, айыл чарба, туризм, транспорт, санариптештирүү жана башка багыттардагы өз ара кызматташууну кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашат. Ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери каралат.

Белгилей кетсек, Албания Президентинин Кыргызстанга бул сапары эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин тарыхындагы алгачкы расмий сапар болуп саналат. Адистердин баамында, бул визит кыргыз-албан кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар