Башкы беткеСаясатШКУга 25 жыл: Кыргызстандын элчиси салтанатка катышты

ШКУга 25 жыл: Кыргызстандын элчиси салтанатка катышты

Кун мурун Пекин шаарында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Актилек Мусаева Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара ШКУнун Катчылыгы тарабынан уюштурулуп, ага уюмга мүчө мамлекеттердин, байкоочу өлкөлөрдүн жана диалог боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты.

Мааракелик иш-чаранын алкагында ШКУнун 25 жылдык өнүгүү тарыхын чагылдырган сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, Кытайдын Янлин шаарындагы ШКУнун айыл чарба технологиялары боюнча алмашуу жана окутуу демонстрациялык базасынын көргөзмө стенди тааныштырылды. Ошондой эле коноктор үчүн балдардын чыгармачыл жамаатынын концерттик программасы жана заманбап кытай робототехникасынын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн атайын демонстрациялар сунушталды.

Иш-чарада Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытайдын тышкы иштер министри Ван И жана ШКУнун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, уюмдун аймактык коопсуздукту, экономикалык кызматташтыкты жана гуманитардык байланыштарды чыңдоодогу ролун белгилешти.

Мааракелик жыйынга ошондой эле Кытайдын мамлекеттик органдарынын жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, бизнес чөйрөсүнүн жана эксперттик коомчулуктун мүчөлөрү, кытайлык жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөнүнө 25 жыл толду. Кыргызстан учурда 2025–2026-жылдар аралыгында ШКУга төрагалык кылып жаткан мамлекет болуп саналат. Бул өлкөнүн уюмдун алкагындагы демилгелерди илгерилетүүдө жана аймактык кызматташтыкты чыңдоодо активдүү ролун дагы бир жолу тастыктайт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар