Башкы беткеПрезидентЧолпон-Атада Ысык-Көл эл аралык форуму башталды

Чолпон-Атада Ысык-Көл эл аралык форуму башталды

 “Ысык-Көл эл аралык форумунун 40 жылдык маарекесине арналган “ДҮЙНӨ ЦИВИЛИЗАЦИЯЛЫК БУРУЛУШ ЖОЛДО: КЕЛЕЧЕККЕ БИРГЕ” аталышында өз ишин баштады. 

Ысык-Көлдө өтүп жаткан форумдун ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышып, сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда Ысык-Көл форуму адамзат тарыхындагы маанилүү интеллектуалдык жана гуманисттик аянтчалардын бири экенин белгилеп, Чыңгыз Айтматов негиздеген бул форум бүгүн да элдерди, маданияттарды жана цивилизацияларды жакындаткан уникалдуу диалог мейкиндиги бойдон калып жатканын айтты.

Форумдун ачылышында Албания Республикасынын Президенти Байрам Бегай дагы сөз сүйлөп, Чыңгыз Айтматов негиздеген диалог аянтчасынын дүйнөлүк маанисине токтолду.

Ошондой эле Казакстандын, Россиянын жана Түркиянын президенттеринин куттуктоо кайрылуулары алардын расмий өкүлдөрү тарабынан окулду. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин куттуктоо катын БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве окуп берди.

Быйылкы иш-чара өзгөчө мааниге ээ, анткени Ысык-Көл форумунун негизделгенине 40 жыл толду. Форум алгач 1986-жылы дүйнөгө таанымал кыргыз жазуучусу, гуманист жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен уюштурулуп, дүйнөнүн интеллектуалдарын, саясатчыларын, окумуштууларын жана маданият өкүлдөрүн бириктирген эл аралык диалог аянтчасына айланган.

Форумдун негизги максаты – маданият, руханий жана гуманисттик баалуулуктар боюнча эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, цивилизациялар аралык диалогду чыңдоо жана өз ара урмат-сый менен ишенимге негизделген жаңы дүйнөлүк тартипти калыптандыруу боюнча пикир алмашуу.

Быйылкы форумга дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнөн келген делегациялар катышууда. Алардын катарында Россия, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Улуу Британия, Япония, Италия жана Испаниянын өкүлдөрү бар. Ошондой эле Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да форумдун ишине катышууда.

Форумдун алкагында глобалдык коопсуздук, туруктуу өнүгүү, маданий кызматташтык, экология, билим берүү жана заманбап дүйнөнүн чакырыктарына жооп берүү маселелери талкууланат. Катышуучулар Чыңгыз Айтматов көтөргөн жалпы адамзаттык баалуулуктарды, руханий мурасты жана тынчтыкты бекемдөө идеяларын бүгүнкү күндүн шартында кайрадан талдап, жаңы демилгелерди сунушташат.

Уюштуруучулардын айтымында, Ысык-Көл форуму элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдөөгө багытталган эл аралык деңгээлдеги маанилүү диалог аянтчаларынын бири бойдон калууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар