Башкы беткеПрезидентПрезидент: “Ысык-Көл форуму жаңы цивилизациялык диалог үчүн маанилүү аянтча“

Президент: “Ысык-Көл форуму жаңы цивилизациялык диалог үчүн маанилүү аянтча“

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборунда өткөн Ысык-Көл форумунун ачылыш аземине катышты.
Форум башталар алдында мамлекет башчысы Албания Республикасынын Президенти Байрам Бегай менен бирге Ысык-Көлдүн жээгиндеги комуз формасындагы пирсте сейилдеди. Ардактуу коноктор үчүн комузчулар ансамбли кыргыз элинин улуттук күүлөрүн аткарып, иш-чаранын соңунда Албаниянын Президентине салттуу комуз белекке тапшырылды.
Андан соң президенттер форумдун катышуучулары менен жолугушуп, иш-чаранын расмий ачылышына катышты.
Өз сөзүндө Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл форуму дүйнөлүк маанидеги маселелерди талкуулоого арналган өзгөчө аянтча экенин белгиледи. Ал форумдун негиздөөчүсү, көрүнүктүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун идеялары бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпогонун баса белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтымында, азыркы дүйнөдө мамлекеттердин, маданияттардын жана цивилизациялардын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө өзгөчө мааниге ээ. Бул багытта Ысык-Көл форуму Түндүк менен Түштүктүн, Батыш менен Чыгыштын ортосунда жаңы цивилизациялык диалогду өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Форумдун алкагында эл аралык кызматташтык, глобалдык чакырыктар, маданий жана гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар