Башкы беткеМаданиятБишкекте «CYBERVISION 2026» заманбап көргөзмөсү ачылат

Бишкекте «CYBERVISION 2026» заманбап көргөзмөсү ачылат

Бүгүн, 19-июнда саат 15:00дө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде «CYBERVISION 2026» аттуу заманбап көргөзмөнүн расмий ачылышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

«CYBERVISION 2026» – келечекти элестетүүгө, сезүүгө жана аны бүгүнтөн баштап курууга үндөгөн уникалдуу көркөм долбоор. Көргөзмө киберпанк жанрына жаңыча көз караш сунуштап, технология менен адамдын өз ара байланышын, чыгармачыл ой жүгүртүүнү жана маданий өзгөчөлүктөрдү чагылдырууга багытталган.

Долбоордун өзгөчөлүгү – технологияларды Борбор Азиянын көз карашы аркылуу көрсөтүүсүндө. Анда заманбап технологиялар сырттан келген прогресстин белгиси катары эмес, жергиликтүү маданиятты, чыгармачылыкты жана жаңы идеяларды өнүктүрүүнүн куралы катары сунушталат.

Уюштуруучулардын айтымында, көргөзмө көрүүчүлөргө келечек тууралуу жаңы ой-толгоолорду жаратып, искусство менен технологиянын айкалышын таанытууну максат кылат.

Мындан тышкары, 20-июнда саат 12:00дөн тартып жылдын эң узун күнүнө арналган атайын музыкалык перформанстар өтөт. Иш-чаранын программасы жарык, энергия жана келечек темаларына арналган чыгармачыл көрсөтүүлөрдү камтыйт.

Көргөзмө заманбап искусствого кызыккан шаар тургундары жана коноктор үчүн ачык болот.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар