Башкы беткеПрезидентПрезидент Нарын облусуна иш сапары менен барат

Президент Нарын облусуна иш сапары менен барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Нарын облусуна иш сапары менен барат.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы аймактын тургундары менен жолугуп, облус аймагында ишке ашырылып жаткан ири инфраструктуралык, турак жай жана социалдык долбоорлордун жүрүшү менен таанышары күтүлүүдө.

Ошондой эле Президентке жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери Нарын облусунун учурдагы социалдык-экономикалык абалы, аткарылып жаткан иштер жана аймакты мындан ары өнүктүрүү боюнча пландар тууралуу маалымат беришет.

Иш сапардын жүрүшүндө калктын жашоо шартын жакшыртуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, жол жана инженердик инфраструктураны өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулары белгиленүүдө.

Нарын облусу өлкөнүн стратегиялык мааниге ээ аймактарынын бири болуп саналат. Акыркы жылдары бул жерде социалдык объектилерди куруу, жолдорду оңдоо жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу багытында бир катар иштер жүргүзүлүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар