Адамзат – бул дүйнөнү, жаратылышты же жерди өзүнүн үйү катары көрүп, ага миңдеген жылдар бою урмат-сый менен аздек мамиле кылып, бир канча мезгил аны менен татуу мамиледе жашап келсе, индустриалдык цивилизациянын калыптанышы, өндүрүштүн өнүгүшү менен, адамдагы ач көздүктүн арааны ачылып, жаратылышка жырткычтай мамиле кыла баштагандыгы эч кимге деле жашыруун болбосо керек. Кызыктуу да жагдай жаралды, адамзаттын бир тарабы, табиятты сактап калуу үчүн тынымсыз жан үрөп келе жатса, экинчи тарабы, сырье жана байлык үчүн аны талап-тоноону улантып жатат, ал эми үчүнчү тарабы, адамзатка ылайыктуу, талкаланбаган башка планетаны издеп убара тартууда. Ал эми төртүнчү тарабы, “жердин сырьесу ондогон миллиард адамга жетпейт, тиешелүү чараларды көрөлү” деп ачык-жабык эле арам ойлорун ишке ашыруунун көйгөйүн тартып, тынч алалбай жүрөт. Адам деги эле өзү табиятынан ушунчалык унутчаак жаралыптыр, бекеринен биз өзүбүздү инсан деп атабайт окшойбуз. Инсан – “нисян” деген араб сөзүнөн биздин тилге өзгөрүп кирген, “унутчаак” дегенди билдирет. Унутчаак дегенибиз, табият адамзатты канча жолу жазалабасын ал андан сабак албай келет. Анткени улам кийинки муун “биздин башыбызга келбейт, биз мурункулардан кыйынбыз” дейби, айтор, “табияттын сабагы” бат эле унутулуп калууда.
Акылдуулук жана генийлик илимий-технологиялык өнүгүүнүн жетишкендиги менен эле ченелбейт. Ал өзү менен кошо чогуу “жашап” жаткан жаратылыштын жандуу жана жансыз “балдарына” же адам үчүн жаратылган бардык нерсеге тең ата, сый жана туура мамиле кылуусу менен ченелет. Кызыгы, адам жерди өзүнүн “үйү” катары эмес, жердин “кожоюну” деп эсептеп алганда, табияттагы тең салмактуулук бузулду. Мисалга алсак, тамак-аш же муктаждык үчүн эмес, кумардан башы айланган Кожожаш, касиеттүү кайберендердин энеси Сур Эчкинин каргышынан улам аскадан түшө албай, зоодон жерге боюн таштаса да, сөөгү жетпей, асканын арасында калды. Арадан ондогон жылдар өткөн соң гана Кожожаштын уулу Молдожаш атасы бузган тең салмактуулукту ордуна койгондон кийин атасынын сөөгүн чогултуп, жерге жашырып, зыйнатын өткөрө алды.
Ал эми Тумаш мерген эчки-теке атып он жолу оңко тургузуп, эчен жолу табият-тан эскертүү алганына карабай жүрүп, акыры жалгыз уулу Карагулду өзү атып, тукумсуз калып, зарлап өттү. Мындай мисалдар өтө эле көп, биз бир азын гана кеп кылдык. Адам табияты ушундай, “өткөн доорду мисалга тартыптыр, азыр башка заман” дегендер да чыкпай койбойт, алар үчүн да айта кетели, оптикалуу мылтыктарды колдонгондоруна ыраазы болбой, тик учактар менен кийиктерди кубалап атып жүрүп каза болгондору, жер көчкү, кар көчкүнүн астында калып сөөгү табылбай калгандарын эстесек эсибиз оор. Ошондуктан кыргыз эли байыртадан эле “чөптү кордосоң көзгө зыян” деп бекеринен айтпаса керек. Жөнөкөй эле жөн жаткан чөп адамдан канчалык “өчүн” алып коет, демек, табият менен “тамашалашуу” өзүбүзгө кымбат туруп калбайбы?
Азыркы маданий-цивилизациялык өнүгүү доору жалпы адамзаттын айлана-чөйрөгө болгон мамилесин кайрадан карап чыгууга аргасыз, мажбур кылууда. Илимий-техникалык прогресс, ааламдаштыруу жараяны адамдын жашоосун жеңилдеткени, жыргатканы менен, жаратылыш ресурстарынын ашыкча пайдаланылышы экосистемалардын бузулушуна, экологиялык тең салмактын өзгөрүшүнө алып келди. Бул көрүнүштөр бүгүнкү күндө глобалдык масштабдагы чоң көйгөйгө айланып, адам менен табияттын ортосундагы тарыхый гармониянын бузулушуна алып келүүдө.
Маданий-цивилизациялык мамиле дегенибиз адам жаратылыштан бөлүнүп, аны пассивдүү объект деп каралбайт. Тес-керисинче, адам менен табият бир бүтүн система катарында каралат. Бул көз караш боюнча табиятты экономикалык ресурс же чарбалык каражат катары эле эмес, руханий жана символдук мааниге ээ болгон тирүү мейкиндик, зат сыяктуу кабыл алуу сунушталат. Мындай түшүнүк азыркы илимде туруктуу өнүгүү деп аталган концепцияга жакын көрүнгөнү менен, салттуу коомдордо ал теориялык конструкция эмес, күнүмдүк жашоонун табигый нормасы катары калыптанган.
Мындай шартта адам жаратылыш менен болгон мамилени оңдоп, анын “тилин” кайрадан үйрөнүүнү башташы керек. Бул бизге өтө деле кыйынчылыкты туудурбайт, себеби биздин ата-бабалар калтырып кеткен осуяттарды эстеп коюунун өзү эле жетиштүү болот. Тагыраак айтканда, кызыкчылыктын, пайданын үстүнөн кууп албай, бардык нерсеге аяр мамиле жасоону кайра өздөштүрөлү. Баарыбыз жалпылап, эске салып көрөлүчү, кыргыз эли байыртадан эле: “Аккан сууга заара кылба, заара кылсаң энеңдин эмчегине жара чыгат. Аккан сууга киринбе, кир жууба, кийинки айылдын эли наалат кылат, каргыш айтат”; “Малды теппе, ырыскың качат”; “Конушуңду которгондо, ордун тазалап, кагылган казыктарыңды сууруп кет. Жер жарыктык, колуна тикен киргендей болуп сыздабасын”; “Кайберендин тукумуна эсеби жоктой кыянаттык кылба, убалына каласың, тукумуң курут болот”; “Өсүп турган бакты беймаал кыйба, өзүң кыйылып каласың” ж.б. деген толгон-токой насааттарды калтырган. Биз бүгүн болсо, ошол нерселердин бардыгын тескери жасап жаткандайбыз. Агын сууга түшпөгөндү мындай кой, ага итин, малын жуунтуп, кир-когунун баарын жууп-тазалап, ал тургай ажатканалардын саркынды сууларына чейин агызып койгон заманың кургур келди.
Бир кездерде “жайыттан азыраак чаң чыга баштады, жер такырайып кетпесин, конуш которолу” деп улам жогорулап көчүп, жайытты сактаган, кам көргөн аталар азайды. Тетирисинче, тиргиликке шылтап, бир орунда алты ай малын кармап, жайлоодон чаң эмес жан чыгарып, жер кыртышы бузулуп, жакадан айырмасы билинбегендей кылдык. Жайлоого кеткен жол, жайлоону аралап өткөн чоң жолдордун жээги таштандыга, желим бөтөлкө, желим баштыктарга толуп кетти. Таштандыны улуу-кичүүсү, маданияттуусу, илим-билимдүүсү баш болуп машинадан ыргытып же “эс алган жерине” калтырып кеткен “цивилизациялуу маданиятты калыптандырдык”, жашообузга терең киргиздик. Көчүп барган жеринен, көчүп кеткен жерин таза кармаган кыргыз, өзүм таза болсом болду, калганы “маа десе, доңуз кооп кетсин” деп жашап калгандай көрүнөт. Таң, жаратылыш жийиркенген нерсени аз эле адам кылат, бирок жоопту көпчүлүк тартат э? “Бир тентегин эки жөнтөгү жөндөй албаса, анын элдүүлүгүнөн не пайда” демекчи, ошон үчүн элбиз, биз бири-бирибизди тартипке чакырып, уяткарып турбасак болбос. Кыргыз элинде илгертеден бери эле ата-эненин тарбиясынан коомдун тарбиясы таасирдүү да, жогору да турган эмеспи, ошондуктан тарбияга чакырып
коюуга акылуубуз, милдеттүүбүз.
“Кечке эле артты карап, “сыймыктана” беребизби, алды жакты да карап баспайлыбы” дегендер үчүн үч ооз сөз: “кечээ ким элек, бүгүн кимбиз, эртең ким болобуз?”. Ушуга жооп барбы? Биз, артты эле карап туралы, боз үйдө же үңкүрдө жашайлы деген эч ким жок. Бизден алдыга кеткен элдер, өлкөлөр да тарыхсыз тамыры жок элге айланып каларын билип, эң башкы орунга маданиятты чыгарып жатышкандыгы бекеринен эмес. Соңку жаңы тарых – бул имараттарды салуу, курулуштарды куруу, жаңысын жаратуу эле эмес, эскилерин сактоо, коргоо, аны кийинки муунга жеткирүү болуп эсептелет. Бул үчүн өлкө башчылары же бийлик эле милдеттүү эмес да, буга бардыгыбыз жооп беребиз, баарыбыздын мойнубузда турган улуу парз. Эң биринчи орунда ошол эң кооз деп саналган тоо-таштарыбызды, бак-дарактуу токойлорубузду, көз жоосун алган жайлоолорубузду, деңиз, көлдөр башат алган булактарды, көккашка сууларыбызды сакташыбыз керек.
Ал үчүн бүгүн ошол салттуу дүйнө-таанымыбызды заманбап шартка ылайыкташтырып, иштеп чыгышыбыз зарыл. Жаратылыштан алганды гана өздөштүрбөй, бергенди да үйрөнөлү. Казып кенин, баа-луу нерсесин алдыңбы, кайра ордуна келтирүүгө аракет кыл, азыркы тил менен айтканда, рекультивациялык иштерди жүргүз, үстүнө көк майсаң чөп өскөндөй, бак өскөндөй болсун. Антпесе, “казылган жериң аң болду, кыргызың, кайдыгер ушундай жан болду” болуп кете берсе кандай болор экен, жарыктык? Айтылуу “Манас” эпосубузда: “Алмасы чирип көң болгон, Жаңгагы чирип дөң болгон” деп мактанып ырдап келсек, эми, жүрүп бара жаткан машинанын терезесинен ыргыткан таштандыларга карап: “Желим баштык көң болгон, Бөтөлкө түшүп дөң болгон” деп ырдап калабызбы? Кээ бир өлкөлөр ээн талаа, эрме чөлүн жапжашыл көк өзөнгө айландырып жатса, биз дүйнө эли суктанган кооз жайыттарыбызды, жайлоолорубузду какыраган ээн талаага айлантып бара жаткан жокпузбу, замандашым, чогуу ойлонуп, жыйынтык чыгарып көрбөйлүбү…
Демек, жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу, ага зыян келтирбегендей этияттык менен пайдалануу – бул жөн гана чарбалык маселе эмес, бул – улуттук коопсуздук маселеси, улуттун эртеңкиси, келечеги. Анткени суу, жер, токой, жайыт – улуттун, өлкөнүн өмүр булагы. Эгер биз бүгүн табиятты талап-талкалап пайдалансак, эртеңки урпакка эч нерсе өспөгөн талааны, булганган сууну калтырабыз!
Ошондуктан өндүрүш жана азык-түлүк калдыктарын заманбап технологиялар аркылуу кайра иштетүү ыкмасын пайдаланалы. Бүгүн дүйнөнүн өнүккөн мамлекеттери таштандыны көйгөй катары эмес, байлыктын бири сыяктуу кайра иштетип, аны керектүү кубатка, буюмга айландырганды өздөштүрүштү. Бул ыкма Бишкек шаарында башталды, муну тез аранын ичинде бардык аймактарга жеткирип, кенен колдонууга алышыбыз керек. Ошентип, өндүрүштүн жаңы түрү кирди, жаңылыкты бат кабыл алган элибиз муну да бат эле өздөштүрүп кетерибизде шек жок, тек гана кесепеттүү кайдыгерликтен кетсек деген гана аздек ой.
Жыйналган таштандынын эбин табабыз го, муногу өзүбүз чачкан, баскан-турган жерибиздин баарын какырык-сапырыкка айланткан жаман адатыбыздан кантип арылабыз? Мени, мага окшогондорду өтө кайгыртканы жана түйшөлткөнү тоодо, алыс жолдо жүрүү маданиятын, бир кезде боло келген керемет жүрүм-турумубузду, табият менен таттуу мамиледе жашоо мүнөзүбүздү кантип калыбына келтиребиз, биздин көйгөй мына ушунда болуп жатат.
Ошондой эле турмуштук керек-төөлөрдө жана өндүрүштө жашыл кубат мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга артыкчылык берүү – келечекке жасалган эң туура инвестиция деп эсептейбиз. Кыргызстандын күн, суу жана шамал энергиясын өндүрүүгө жана аны өнүктүрүүгө толук кандуу мүмкүнчүлүгү бар. Тоолуу өлкө катары биз табият берген ушул мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалансак, экологияны да сактайбыз, ошону менен бирге экономиканы дагы көтөрөбүз. Башкача айтканда, экологияны туура пайдалануу – экономиканы көтөрүү дегенди түшүндүрөт. Бул албетте, улуттук көз карандысыздыкты бекемдей турган да багыт.
Экотутум булактарын коргоо жана аны түзүп турган чоң жана кичине бөлүкчөсүнө аяр мамиле жасоо – адамдын руханий-маданий деңгээлин көрсөтөт. Табиятка, жаратылышка ырайымсыз мамиле кылган коом акырындап адамга, эң жакынына да ырайымсыз мамиле кыла баштайт. Себеби, адамдын ички дүйнөсү менен жаратылыш бир эле өзөктөн түзүлүп, тыгыз байланышта жүрөт. Катуураак айтканда, кайсыл эл жараталышын сактай алса, ошол эл өзүнүн маданиятын, тарыхын жана келечегин сактап калат.
Дагы эске ала турган жагдай, климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирин азайтуу жана аларга ылайыкташкан билимдерди өздөштүрүү эми тандоо эмес, жашоо зарылдыгы болуп калды. Ар бир адам электр энергиясын үнөмдөөнү, сууну сарамжал пайдаланууну, айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген жүрүм-турум эрежелерин милдеттүү түрдө үйрөнүшү керек. Бул адат, тартип-эреже үй-бүлөдөн башталып, бала-бакча, мектепте бекемделип, мамлекеттик саясаттын бир багытына айланууга тийиш.
Жыйынтыктап айтканда, бүгүн дүйнө жүзү жаңы цивилизациялык багытка өттү. Ал багыт табият менен таттуу мамиледе бирдей өнүгүү, тең салмакта жашоо жолу. Бул өзгөрүүдө кыргыз эли өзүнүн байыркы эл экендигин дагы бир жолу эстеп, үлгү көрсөтүп, алдыңкы орунда жүрүшү керек. Тагыраак айтканда, көчмөн ци-вилизациялык маданиятындагы экологиялык даанышмандыгын, көсөмдүгүн заманбап технология менен айкалыштырып, дүйнөгө өрнөк көрсөтө ала турган чоң мүмкүнчүлүккө ээ.
Биз табиятты сактай алсак – өзүбүздү сактай алабыз. Жерибизди баштапкысындай коргой алсак – элибизди коргой алабыз. Жаш муунга, кийинки келечек ээлерине жашыл дүйнөтааным мурасын калыптандырып калтырсак, анда аларга жөн гана мамлекет эмес, жашоого ыңгайлуу, сүйүктүү жана ыйык мекен калтырган болобуз. Анткени табият – бул адамдын байлыгы эмес, адам табияттын бир бөлүгү, ошондуктан адам табиятсыз жашай албайт.
Октябрь КАПАЛБАЕВ,
Кыргыз Республикасынын
Президентинин Администрациясынын
бөлүм башчысы



