Жогорку Кеңештин 24-июндагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо маселеси каралып, депутаттар талапкерди колдошту.
Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкөнүн жогорку сот органына судьялык кызматка Алмаз Калыбаев талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Президенти сунуштаган.
Жыйындын жүрүшүндө талапкерди депутаттарга Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды. Талкуудан кийин депутаттар добуш берип, Алмаз Калыбаевди Жогорку соттун судьясы кызматына шайлоо тууралуу токтом кабыл алышты. Чечим кабыл алынгандан кийин жаңы шайланган судья ант берди.
Ошондой эле ушул эле жыйында дагы бир кадрдык маселе каралып, Урмат Маматкеримов Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин курамына мүчө болуп бекитилди.
Парламент өкүлдөрүнүн айтымында, кабыл алынган чечимдер сот системасынын ишин чыңдоого жана сот адилеттигин камсыздоого багытталган.



