«Ысык-Көл форумунда» көтөрүлгөн демилгелер эл аралык деңгээлде талкуулана баштады. Форумдан көп өтпөй анын күн тартибиндеги негизги маселелердин бири болгон жасалма интеллект боюнча сунуш Британиядагы интеллектуалдык чөйрөлөрдө дагы талкууга алынганын Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев билдирди.
Форумда жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү менен катар анын адамзат үчүн жаратышы мүмкүн болгон тобокелдиктери тууралуу сөз болуп, Кыргызстанга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешиндеги макамын пайдаланып, «Жасалма интеллект жөнүндө» эл аралык конвенцияны демилгелөө сунушталган. Бул сунуш форумдун резолюциясына да киргизилген.
Аталган демилгени дүйнөгө белгилүү физик, Кембридж университетинин профессору Саксена дагы колдогон.
Профессордун айтымында, ал Британиядагы интеллектуалдардын белгилүү клубунда өткөн жолугушууда «Ысык-Көл форуму», анда талкууланган маселелер жана Кыргызстан көтөрүп жаткан жасалма интеллект боюнча эл аралык демилге тууралуу маалымат берип, кеңири талкуу уюштурулган.
Бул демилге жасалма интеллектти коопсуз жана жоопкерчиликтүү пайдаланууну камсыз кылган эл аралык укуктук механизмдерди түзүүгө багытталган. Форумдун уюштуруучулары мындай сунуштар дүйнөлүк деңгээлде кеңири колдоо табарына ишеним билдиришүүдө.



