Жыл сайын 24-июнда дүйнөдө Аял дипломаттардын Эл аралык күнү белгиленет. Бул күн 2022-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы менен негизделип, аялдардын дипломатиядагы жана эл аралык саясаттагы ролун таанууга арналган. Бүгүнкү күндө аялдар тынчтыкты бекемдөөдө, мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө жана тең укуктуулукту камсыз кылууда маанилүү орунду ээлеп келет. Кыргызстандын дипломатия тарыхында дагы өзүнүн билими, саясий эрки жана мекенчилдиги менен өлкөнүн эл аралык аброюн көтөргөн көрүнүктүү айымдар бар. Алардын кыргыз өлкөсүнүн эл аралык аброюна тийгизген эмгектерине кыскача токтололу.
Алардын сап башында мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалова турат десек жаңылышпайбыз. Ал Кыргыз
ССРинин тышкы иштер министри болуп иштеп, кийин 22 жыл бою маданият министри кызматын аркалаган. 1953-жылы Күлүйпа Кондучалова Кыргыз ССРинин тышкы иштер министри болуп дайындалган. Бул мезгилде республикадагы дипломатиялык кызмат жаңыдан калыптанып жаткан. Министрлик чакан имаратта жайгашып, кызматкерлер англис жана француз тилдерин, эл аралык укукту өз алдынча өздөштүрүп, дүйнөлүк саясатты тыкыр изилдеп иштешкен.
Кондучалова кийинчерээк көз карандысыз Кыргызстандын дипломатиялык мектеби дал ошол мезгилде түптөлгөнүн сыймыктануу менен айтып келген. Күлүйпа Кондучалова кыргыз дипломатиясынын түптөлүшүнө чоң салым кошкон инсандардын бири катары эле эмес, кыргыз маданиятын өнүктүрүүгө кошокн зор салымы менен тарыхта калды.

Кыргыз дипломатиясынын өнүгүшүнө салым кошкон дагы бир белгилүү айым – Сакен Бегматова. Ал Кыргыз ССРинин тышкы иштер министри болуп иштеп, Министрлер Советинин төрагасынын орун басары кызматын да аркалаган. Бегматова кыргыз дипломаттарынын ичинен алгачкылардан болуп Бириккен Улуттар Уюмунун жыйындарында сөз сүйлөп, эл аралык комитеттердин ишине жетекчилик кылган.
Эгемендүүлүк жылдарында кыргыз дипломатиясын дүйнөгө тааныткан айымдардын арасында Роза Отунбаеванын орду өзгөчө. Ал эгемен Кыргызстандын алгачкы тышкы иштер министри болуп, Улуу Британияда, АКШда, Канадада элчи жана Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү кызматтарын аркалаган. Кийин өлкөнүн Президенти болуп шайланып, андан соң БУУнун жогорку даражалуу өкүлү катары дүйнөнүн бир катар аймактарында тынчтыкты орнотуу багытында иш алып барууда.

Кыргызстандын тышкы саясат тармагында үзүрлүү эмгек өтөгөн айым дипломаттардын бири катары Бактыгүл Каламбекованы белигелей алабыз. Ал 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалып, өлкөнүн тышкы саясатын ишке ашырууга жана эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө активдүү катышкан.
2010–2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп эмгектенген. Бактыгүл Каламбекованын дипломатиялык жана коомдук ишмердүүлүгү эл аралык деңгээлде да жогору бааланып, ал «Кытайдын атайын китеп сыйлыгы» менен сыйланган.
Тышкы саясат тармагындагы тажрыйбалуу дипломаттардын катарына Динара Кемелова да кирет.

Ал Тышкы иштер министринин орун басары болуп эмгектенип, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси катары өлкөнүн кызыкчылыгын коргоду.
Ал эми Миргүл Молдоисаева Кыргыз Республикасынын Бириккен

Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлү болуп иштеп, өлкөнүн эл аралык деңгээлдеги кызыкчылыктарын, туруктуу өнүгүү жана экология маселелерин дүйнөлүк аянтчаларда көтөрүп келди.
Бүгүнкү күндөгү өлкөбүздүн дипломатиясында мыкты иш жүргүзүп жаткан айымдардын бири катары Аида Касымалиеваны да белгилесек албетте болот. Дээрлик беш жылдан бери Кыргызстандын БУУдагы өкүлү кызматын аркалаган Аида айымдын кыргыз элинин эл аралык тарыхында соңку учурда болуп жаткан абройлуу иш-аракеттерине тийгизген эмгегине жогору баа бере алабыз.
Андан сырткары Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде, чет мамлекеттердеги элчиликтерде жана эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрүндө ондогон айым дипломаттар ийгиликтүү эмгектенип жатышат. Алар өлкөнүн тышкы саясатын ишке ашырууга, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана Кыргызстандын дүйнөдөгү кадыр-баркын көтөрүүгө татыктуу салым кошуп келишерин башты бийик көтөрүп айта алабыз.
Рахманбердиева Гүлмайрам, “Кыргыз Туусу”



