Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусунда балыкчылар менен болгон жолугушуусунда берген тапшырмасынын негизинде спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого байланыштуу төлөмдөр төмөндөтүлдү.
Тиешелүү өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы №715 токтомуна киргизилип, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу үчүн алынуучу төлөмдөрдүн жаңы ставкалары бекитилди.
Жаңыланган тарифтерге ылайык, Ысык-Көлдө чабак, чабакча жана сазан балыктарын спорттук жана ышкыбоздук максатта уулоо үчүн төмөнкү төлөмдөр белгиленди:
- 1 суткага – 313 сом;
- 2 суткага – 463 сом;
- 3 суткага – 613 сом.
Бул чечим жарандар үчүн балык уулоону жеткиликтүү кылуу, ички туризмди өнүктүрүү жана балыкчыларга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынганы белгиленди.



