2-июлда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жашыл энергетика боюнча академиктеринин III эл аралык форуму өтөт.
Иш-чараны Кыргызстан эл аралык университети, Улуттук илимдер академиясы жана Кытайдын Сиань Цзяотун университети биргеликте уюштурууда. Форумга ШКУ өлкөлөрүнүн алдыңкы окумуштуулары, академиктери жана тармактык эксперттери катышат.
Форумдун алкагында туруктуу энергетикага өтүү, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, «жашыл» технологияларды укуктук жөнгө салуу, инвестициялык саясат жана аймактар аралык кызматташтык маселелери талкууланат.
Ошондой эле «ШКУ өлкөлөрүндөгү жашыл энергетика: стратегиялар, жөнгө салуу жана келечеги» аттуу жамааттык илимий монографиянын бет ачары болот. Мындан тышкары, Кыргызстан эл аралык университетинде таза энергетика жана энергияны сактоо боюнча биргелешкен лаборатория, ошондой эле энергияны үнөмдөө жана топтоо багытындагы заманбап технологияларды өздөштүрүүгө арналган демонстрациялык борбор ачылат.
Форумдун жүрүшүндө академиктердин баяндамалары, тематикалык семинарлар жана тегерек столдор уюштурулуп, кайра жаралуучу энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлор жана аймактык кызматташууну кеңейтүү боюнча сунуштар каралат.
Иш-чара ШКУ өлкөлөрүнүн жашыл энергетика жаатындагы илимий жана практикалык кызматташтыгын чыңдоого, ошондой эле туруктуу өнүгүү боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууга багытталган.



