Башкы беткеКоомЖайкы эс алуу мезгилинде турак жайыңыздын коопсуздугуна алдын ала кам көрүңүз

Жайкы эс алуу мезгилинде турак жайыңыздын коопсуздугуна алдын ала кам көрүңүз

Жайкы эс алуу мезгилинин башталышына байланыштуу көптөгөн жарандар эс алууга чыгып жаткандыктан, Ички иштер министрлиги турак жайыңыздын коопсуздугун алдын ала камсыздоого чакырат.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Күзөт кызматы өлкөнүн бардык облустарында батирлерди, жеке турак үйлөрдү жана башка объектилерди күнү-түнү кайтаруу кызматын көрсөтөт. Объекттерди борборлоштурулган күзөт пультуна туташтыруу алардын үзгүлтүксүз көзөмөлдө болушун жана коңгуроо сигналы түшкөн учурда ыкчам чара көрүүнү камсыздайт.

Тынчсыздануу белгиси келип түшкөндө Күзөт кызматынын эң жакын күзөт тобу дароо окуя болгон жерге жөнөтүлөт. Кызматкерлердин орточо жетүү убактысы 3-4 мүнөттү түзөт. Бул укукка каршы аракеттердин алдын алып, жарандардын мүлкүнүн сакталышын камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар