Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында кошумча дем алыш күндөрдү белгилөө маселесин убактылуу укуктук жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, 2026-жылдын 15-июлунан 2027-жылдын 1-июлуна чейин Министрлер Кабинети жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу аркылуу өлкөнүн айрым аймактарында кошумча эс алуу күндөрүн белгилей алат.
Мындай чечим калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, эл аралык жана мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле ыкчам чара көрүүнү талап кылган өзгөчө жагдайларда кабыл алынат. Бул учурда кызматкерлердин бир күндүк орточо эмгек акысы сакталат.
Ошондой эле Министрлер Кабинетине тиешелүү чечимдерди жергиликтүү бийлик органдары менен макулдашуу милдети жүктөлдү.
Ал эми Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2027-жылдын 1-февралына чейин бул механизмдин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүп, жыйынтыгы оң болсо, аны туруктуу мыйзамдык негизде киргизүү боюнча сунуштарды 2027-жылдын 1-мартына чейин Министрлер Кабинетине киргизет.



