Бүгүн, 13-июлда Кыргызстанда жогорку окуу жайларга, колледждерге жана кесиптик лицейлерге кабыл алуунун биринчи айлампасы башталды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги кабарлады.
Кабыл алуу «Абитуриент Онлайн» (2020.edu.gov.kg сайты) платформасы аркылуу онлайн форматта жүргүзүлөт.
ЖОЖдорго жана колледждерге кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгынын негизинде өтөт. Мындан тышкары, искусство жана дене тарбия багыттары боюнча кошумча сынактар каралган.
Кесиптик лицейлерде 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү курулуш, энергетика, IT, айыл чарба, транспорт, коомдук тамактануу, туризм, кызмат көрсөтүү, жеңил өнөр жай, машина куруу жана башка тармактар боюнча кесип тандай алышат.
ЖОЖдорго жана колледждерге тапшыруу боюнча суроолор үчүн 110 номери аркылуу колл-борбор иштейт.
Министрлик бекиткен талаптарга ылайык, ЖОЖдордун көпчүлүк багыттары үчүн негизги тест боюнча минималдык босого балл 110 баллды түзөт. Педагогикалык багыттарга гранттык орундар үчүн 130, контракттык орундар үчүн 115 балл талап кылынат. Медициналык багыттар боюнча грантка 120, контрактка 110 балл белгиленген. Айыл чарба багыттары үчүн 100, аскердик билим берүү үчүн 90 балл каралган.
Колледждер үчүн көпчүлүк адистиктер боюнча минималдык босого 90 баллды түзөт. Педагогикалык жана саламаттык сактоо багыттары боюнча гранттык орундарга 95, контракттык орундарга 90 балл талап кылынат.
Мүмкүнчүлүгү чектелген I жана II топтогу адамдар, бала кезинен майыптыгы барлар, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн өзүнчө жеңилдетилген босого баллдар каралган.
Кабыл алуу өнөктүгү беш негизги тур менен өткөрүлөт. Биринчи тур 13-июлдан, экинчи тур 20-июлдан, үчүнчү тур 27-июлдан, төртүнчү тур 3-августтан, бешинчи тур 10-августтан башталат.



