Ата кесип…
Кара-Суу районунда багбан Нурлан Абдувохидов акыркы жылдары интенсивдүү багбанчылыкты өнүктүрүп, көпчүлүк талап кылган мөмө-жемиш сортторун жайылтууга өз салымын кошуп келет.
Ал Кадамжай районундагы Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Сай айылында туулуп, өскөн. Багбанчылык алардын үй-бүлөсүндө ата-бабадан бери уланып келген кесип. Андыктан бала кезинен көчөт өстүрүүнүн сырларын жакшы өздөштүргөн.
– «Багбанчылык биздин үй-бүлөнүн жашоо образы десем жаңылышпайм. Ата-бабаларыбыз ушул кесип менен алектенип келген. Мен дагы ошол жолду улантып, кийин заман талабына жараша жаңы технологияларды өздөштүрүүгө аракет кылдым», – дейт каарманыбыз.
Багбан 2005–2015-жылдары негизинен салттуу көчөттөрдү өстүрүп, өлкөнүн ар кайсы аймактарына жеткирип сатып келген. Бирок убакыт өткөн сайын багбанчылык тармагындагы атаандаштык күчөп, дүйнөлүк жаңы технологияларга көңүл буруу зарылдыгы жаралды. Заман өзгөрүп, өнүккөн сайын, багбанчылыкта дагы жаңыча ыкмалар, түшүмү мол жаңы сорттор чыгып, бул тармак да өнүгүү жолунда болду.
Ошентип, каарманыбыз 2015-жылдан тартып интенсивдүү багбанчылыкка өтүп, Европа жана Түркиянын заманбап багбанчылык технологияларын өздөштүрүп, жаңы сортторду өз чарбасында сыноону баштайт. Ар бир көчөттү элге сунуштоодон мурда аны өзүнүн жеринде бир нече жыл өстүрүп, түшүмүн, сапатын жана ооруларга туруктуулугун кылдат байкап чыгат.
2020–2021-жылдары Кадамжай жана Кызыл-Кыядагы жемиш бактары жакшы жыйынтык көрсөтүп, жаңы сорттор өзүн толук актагандан кийин гана аларды дыйкандарга сунуштай башташкан.
«Көчөт сатуу дагы чоң жоопкерчилик. Бир көчөттү өстүрүүгө үч-төрт жыл эмгек кетет. Ошондуктан өзүбүз сынап көрбөгөн көчөттү элге сунуштоону туура көргөн жокпуз», – дейт багбан.
Акыркы төрт жылдан бери Нурлан Абдувохидов өзүнүн ишмердүүлүгүн Кара-Суу районунда чоңураак аймакта жүргүзүп келет. Учурда анын питомниги Ош шаарына жакын жайгашкан Кара-Суу районунун Кашгар-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Мөнөк айылында, аэропорттун маңдайында орун алган. Бул жерде көчөт өстүрүү менен катар дыйкандарга кеп-кеңеш берип, интенсивдүү бактарды уюштуруу, аны өстүрүү боюнча кызмат көрсөтөт.
Бүгүнкү күндө анын чарбасында 7–8 гектар аянтта көчөттөр өстүрүлүп, жаңы сорттор практикалык сыноодон өткөрүлүүдө. Ошондой эле 5, 10, 20 жана 30 сотых аянтта чакан интенсивдүү бактарды уюштуруп берүү кызматы да жолго коюлган. Андан сырткары өзү дагы алма, өрүк, кокон гилас, шабдолу сыяктуу мөмөлөрдүн жаңы сортторунун көчөттөрүн ар кайсы өлкөлөрдөн алдыртып, алгач өзү сынактан өткөрүп анан башка дыйкан-багбандарга сатууга чыгарат.
Нурлан Абдувохидовдун айтымында, Нарын сыяктуу суук аймактарды эске албаганда, Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында интенсивдүү багбанчылыкты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Эң негизгиси – ар бир жердин климатына жана топурагына ылайык келе турган сорт тандоо керек.
Көчөт отургузуудан мурун жер кыртышына анализ жүргүзүлүп, топурактын курамы аныктап алган оң. Андан соң жердин курамына жараша кошумча жер семирткичтер салынып, топурак даярдалып, ылайыктуу көчөттөр тандалып отургузулса багбанчылык мол түшүм берет.
Мол түшүм…
Азыркы учурда багбанчылыктын негизги максаты – экспортко ылайыктуу, сапаты жогору жана алыска ташууга чыдамдуу мөмө-жемиш сортторун өстүрүү болуп калды. Ушул талаптарды эске алуу менен Нурлан Абдувохидов Европа, Түркия жана Молдованын алдыңкы питомниктеринен жаңы сортторду алып келип, Кыргызстандын климаттык шарттарына ылайыкташтырып өстүрүүдө.
Жакында ал Түркияга барып, заманбап интенсивдүү бак чарбаларынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, жаңы технологияларды үйрөнүп кайткан.
Учурда кокон гиластын Италия селекциясына таандык Sweet Ariana, Sweet Lorenz, Sweet Ary, Anna Sweet, Gabriela, Sweet Valina жана Sweet Stephany сорттору эң жакшы жыйынтык берүүдө. Бул сорттор ири мөмөсү, ар кандай илдеттерге туруктуулугу жана узак мөөнөткө чыдамдуулугу менен айырмаланат.
Ошол эле учурда Samba, Summit жана Lapins сыяктуу кокон гилас сорттору Кыргызстандын айрым аймактарында жакшы натыйжа бербей, мөмөсүнүн сапаты төмөндөп же эки баштуу болуп өсүп калган учурлар кездешет. Бул сорт тандоодо жергиликтүү климаттын өзгөчөлүгүн эске алуу маанилүү экендигин белгилейт дейт Нурлан мырза.
Алмуруттун ичинен Santa Maria, Carmen, Krasnulya жана Moser сорттору жакшы түшүм берип жатса, шабдалынын Ufo, Big Bang жана Patagonia сорттору ири мөмөсү жана жогорку түшүмдүүлүгү менен айырмаланууда.
Бул сорттордун бардыгы интенсивдүү бактын технологиясы менен өстүрүлөт. Мындай ыкмада көчөттөр жыш отургузулуп, атайын формага келтирилиши керек. Бактарга өз убагында бутак калыптандыруу (формировка), туура сугаруу, азыктандыруу жана өсүмдүктөрдү оорулар менен зыянкечтерден коргоо иштери жүргүзүлүшү талап.
Багбандын айтымында, түшүмдүн мол болушунда формировка же бизче бутоонун ролу өзгөчө маанилүү. Бутактар туура калыптандырылганда күндүн нуру бардык мөмөлүү бутактарга бирдей тийип, мөмөнүн сапаты жогорулайт. Ошондой эле жер семирткичтерди топурактын курамына жараша берүү бактын өсүшүнө жана түшүмдүн мол болуусуна түздөн-түз таасир этет.
Интенсивдүү багбанчылыктын эң негизги артыкчылыгы – аз аянттан көп түшүм алуу мүмкүнчүлүгү. Адистердин айтымында, туура уюштурулган бир гектар интенсивдүү бактан кадимки төрт-беш гектарлык салттуу бак берген көлөмдө түшүм бере алат. Бул интенсивдүү бак менен түшүмдүүлүктү 4-5 эсе жоголуратат.
Албетте, мындай бакты уюштурууда салыштырмалуу баштапкы чыгымдар көбүрөөк болот. Бирок чыгым өзүн толук актап, келечекте жогорку киреше алып келет. Нурлан Абдувохидовдун пикиринде, ар бир иште тобокелчилик бар, бирок жаңы технологиядан коркпой, изденип иштеген адам сөзсүз ийгиликке жетет. Негизгиси эмгекти туура жана жаңы заманга жараша изденүү менен аткаруу кжеттигин белгилейт.
«Азыр маалымат доору. Интернеттен аркылуу дүйнөлүк тажрыйбаларды үйрөнөбүз, адистер менен кеңешебиз, бири-бирибизден тажрыйба алабыз. Багбанчылыкта үйрөнүүнүн аягы жок десек болот. Эң негизгиси – тынымсыз изденүү жана эмгек», – дейт каарманыбыз.
Демек, кайсы тармакта болбосун дайыма изденүү, бир гана алдыга карай умтулуу маанилүү. Багбан, дыйкан же башка адис болобу, замандан артта калбай, жаңы ыкма, жаңы технологиялар менен иш алып барса, сөзсүз анын натыйжалуулугуна жетише алат..
Гүлмайрам Рахманбердиева,
“Кыргыз Туусу”



