Мамлекеттин калыптанышында, анын ички бүтүндүгүн сактоодо жана келечекке карай туруктуу өнүгүү жолун аныктоодо тил саясаты стратегиялык мааниге ээ. Кыргыз Республикасында тил маселеси мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, билим берүү тутумун заман талабына ылайык модернизациялоо, улуттук маданиятты сактоо жана көп улуттуу коомду бирдиктүү жарандык мейкиндикке интеграциялоо сыяктуу эң орчундуу милдеттер менен тыгыз байланышкан. Тил саясатын сабаттуу жана натыйжалуу жүргүзүү өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктарынын бири.
Кыргызстан көп улут өкүлдөрү жашаган көп тилдүү жана маданий жактан ар түрдүү өлкө экенин эске алсак, кыргыз тили өлкөдө жашаган бардык этносторду жакындатуучу, элдин ынтымагын чыңдоочу негизги көпүрө — бириктирүүчү фактор экени талашсыз.
Демек, мамлекеттик тил жаратман демилге, жөрөлгөлөрдүн сап башында болууга тийиш. Мамлекеттик тил жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүүнүн, социалдык биримдикке жана коомдук макулдашууга жетүүнүн фундаменталдуу пайдубалы болуп эсептелет. Адам жашоосунун жана ишмердүүлүгүнүн бардык чөйрөлөрүндө анын толук кандуу, натыйжалуу иштешин камсыз кылуу — бүгүнкү күндүн башкы талабы.
Дал ушул максаттарды көздөгөн «2026–2028-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасы» өлкөнүн тилдик чөйрөсүн реформалоодогу жаңы, маанилүү этап болуп саналат. Бул Программа буга чейин жүргүзүлүп келген саясаттын логикалык уландысы жана ал заманбап чакырыктарга жооп берген жаңы стратегиялык кадам десе болот. Документ өлкөнүн эң негизги ченемдик укуктук актыларына, 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына; «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» стратегиялык уңгужолуна негизделип иштелип чыккан.
ИШ КАГАЗДАРЫ ЖАНА САНАРИПТИК ДҮЙНӨ
Жаңы үч жылдык программанын максаттарын так түшүнүү үчүн, буга чейинки (2021–2025-жылдардагы) тил саясатынын жыйынтыктарына жана басып өткөн жолуна терең талдоо жүргүзүү зарыл. ªткөн беш жылдык мезгилде мамлекеттик тилдин статусун жогорулатуу, аны жарандык консолидациянын жана мамлекеттик иденттүүлүктүн фактору катары бекемдөө багытында бир катар олуттуу институционалдык жана маңыздуу натыйжалар катталды.
Бул мезгилдин эң башкы жетишкендиги катары 2023-жылы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын кабыл алынышын айтсак болот. Бул мыйзам тарыхый мааниге ээ, себеби анда кыргыз тилинин милдеттүү түрдө колдонула турган чөйрөлөрү укуктук жактан так жана кескин аныкталган.
Мыйзамдык базанын ушундайча бекемделиши иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрдүн өсүшүнө түз таасирин тийгизди. Эгерде 2020-жылы өлкө боюнча расмий документ жүгүртүүдө кыргыз тилинин үлүшү болгону 60%ды түзсө, жүргүзүлгөн системалык аракеттердин натыйжасында 2025-жылга карата бул көрсөткүч 79%га чейин жогорулаган.
Дагы бир маанилүү багыт — тилдик чөйрөнү санариптештирүү болду. Заманбап технологиялардын тилин таппай туруп, тилди сактап калуу мүмкүн эмес экенин түшүнүү менен, акыркы жылдары кыргыз тилин үйрөнүүгө багытталган бир нече электрондук платформалар жана мобилдик тиркемелер ишке киргизилди.
Өсүүгө өбөлгө болгон факторлор
Бул эң биринчи кезекте — бул өлкө жетекчилиги тарабынан көрсөтүлүп жаткан бекем саясий эрк жана мамлекеттик колдоо. Муну менен катар коомдо да чоң өзгөрүүлөр бар: акыркы жылдары элдин улуттук өзүн-өзү таануу аң-сезими өстү. Ошол эле “Уңгу жол” доктринасын айтсак болот. Маданий өзгөчөлүктү сактоого жана кыргыз иденттүүлүгүн бекемдөөгө болгон коомдук суроо-талап болуп көрбөгөндөй күчөдү.
Кыргызстандын көп улуттуу чөйрөдө жашоо боюнча тарыхый тажрыйбасы да чоң ресурс болуп саналат. Бул тажрыйба коомдогу башка этностордун тилдерине зыян келтирбей, тескерисинче, алардын өнүгүүсүнө шарт түзүү менен бирге, кыргыз тилин жалпы жарандык коммуникациянын негизги каражаты катары кабыл алууга жол ачат. Жада калса сырткы миграциялык процесстер да тилдин ролун актуалдаштырды: сыртка чыккан жарандар чет тилдерди үйрөнүүгө умтулса, өлкө ичинде кыргыз тилин элди бириктирүүчү негизги өзөк катары сактоо зарылчылыгы дагы да даана көрүндү.
Көйгөйлөрүбүз да жок эмес
Негизги көйгөйлөрдүн бири – ведомстволор аралык координациянын алсыздыгы. Кабыл алынган чечимдердин, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана баалоо механизмдери дагы эле бошоң бойдон калууда. Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн үзгүлтүккө учурашы жана тил саясатына бирдиктүү мониторинг жүргүзүү тутумунун жетишсиздиги көптөгөн пландардын кагаз жүзүндө калышына алып келүүдө.
Дагы бир тоскоолдук, илимий жана кесиптик лексиканын тартыштыгы. Узак убакыт бою кыргыз тили негизинен адабий, көркөм жана тиричилик контекстинде гана өнүгүп келген. Натыйжада, заманбап илимдин, жогорку технологиялардын, IT чөйрөсүнүн жана кесиптик ишмердүүлүктүн тили катары анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү төмөн бойдон калууда. Бүгүнкү күндө өлкөдө заманбап илимий, техникалык жана кесиптик лексиканын, терминдердин курч тартыштыгы сезилүүдө. Бул тилдин ийкемдүү өнүгүүсүн жасалма түрдө чектеп жатат.
Ошондой эле айрым аймактарда же социалдык топтордо кыргыз тилин бүтүндөй улуттун, бардык жарандардын тили катары эмес, бир гана титулдук этностун тили катары кабыл алуу тенденциясы сакталып келет. Бул көрүнүш калктын кээ бир бөлүгүндө тилди үйрөнүүгө болгон ички мотивацияны төмөндөтүп, анын жалпы руханий-маданий баалуулук катары калыптанышын кечеңдетип жатат. Тилдин коомдук статусун жогорулатуу жана аны трендге айлантуу, популярдаштыруу милдети азыр да өтө актуалдуу.
Административдик мажбурлоонун чеги жана укуктук чаташуулар да тоскоолдуктардын бири. Тилди мамлекеттик башкаруу тутумуна административдик мажбурлоо жолу менен киргизүү өзгөчө чоң шаарлардагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тилди билүү деңгээлин түп-тамырынан бери жакшырта алган жок.
Тескерисинче, кыргыз тилине өтүү процесси бирдиктүү стандарттардын, кесиптик сөздүктөрдүн жана ыңгайлуу санариптик инструменттердин жетишсиздигинен улам татаалдашып, иштин сапатына терс таасирин тийгизүүдө.
Интернет жана медиа мейкиндик
Азыркы жаш муун маалыматты мурдагыдай китептерден эмес, социалдык тармактардан, YouTube, TikTok жана башка санариптик платформалардан алышат. Бул чөйрөдө кыргыз тилиндеги заманбап, кызыктуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү контенттин (мазмундун) курч тартыштыгы эң чоң чакырык бойдон калууда.
Бул жерде объективдүү экономикалык себептер бар: дүйнөлүк ири мамлекеттердин санариптик жана каржылык мүмкүнчүлүктөрү менен Кыргызстандын ички потенциалын салыштырууга дегеле болбойт. Сапаттуу медиа жана санариптик контент (мультфильмдер, илимий-популярдуу видеолор, билим берүүчү программалар) түзүү өтө чоң каржылык салымдарды талап кылат. Ал эми бизде кыргыз тилдүү контенттин ички рыногу кичинекей, ал али толук калыптана элек жана экономикалык жактан өзүн-өзү актай албаган туруксуз абалда.
Билим берүүдөгү трансформация
Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн эң башкы механизми — бул билим берүү тутуму. Бирок, тилекке каршы, дал ушул тармакта кыргыз тилин окутуунун учурдагы системасы терең реформага муктаж.
Бүгүнкү күндө мектептерде жана жогорку окуу жайларында (ЖОЖ) тилди иш жүзүндө колдонуу, практикалык өздөштүрүү көндүмдөрүн калыптандырбаган, эски усулдагы механикалык жаттоо практикасы үстөмдүк кылууда. Эң башкы кемчилик — өлкөдө тилди эл аралык стандарттарга ылайык деңгээлдер боюнча окутуунун бирдиктүү тутумунун (А1, А2, В1, В2, С1, С2) улуттук билим берүү программаларына толук интеграцияланбагандыгында. Мына ушул себептен улам, орус же башка тилдерде окуган мектептердин жана ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү 11 жыл бою кыргыз тили сабагын окушса да, аягында тилди өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүндө колдоно алгыдай деңгээлде билишпейт.
ªзгөчө мектепке чейинки (бала бакча) жана башталгыч мектеп курагындагы абал өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Дал ушул куракта тилдин негизи түптөлүшү керек эле, бирок бул чөйрөдөгү окутуу заманбап педагогикалык стандарттарга таптакыр шайкеш келбейт. Кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөтүү системасы да жаңы концептуалдык ыкмаларды талап кылат, мында окутуучулар тарабынан көрүлгөн шыктандыруу чаралары жана эмоционалдык колдоо чоң роль ойнойт.
Келечекке кадам
Мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү талабы коомдо жарандардын укуктарын чектеген жасалма тоскоолдук же бюрократиялык жүк катары кабыл алынбашы тийиш. Буйрук берип талап кылуудан мурун, тилди ыктыярдуу жана шыктануу менен үйрөнүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарыл.
Бул багытта дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларды колдонуу зарыл. өнүккөн өлкөлөрдө мамлекет өз тилин коргоо үчүн биринчи кезекте жарандарга акысыз, сапаттуу жана жеткиликтүү тил курстарын уюштурат. Мамлекет чектөөлөрдү эмес, тилди билгендиги үчүн кошумча артыкчылыктарды, жеңилдиктерди жана стимулдарды түзөт. Жаран кыргыз тилин үйрөнүү аркылуу карьералык өсүшкө жетерине, бизнесте ийгиликке жетерине ишениши керек.
Корутундулай келгенде, 2026–2028-жылдарга багытталган жаңы Программа — бул Кыргызстан үчүн тилдик туңгуюктан чыгып, мамлекеттик тилди заманбап, өнүккөн, илим менен технологиянын тилине айлантууга берилген тарыхый мүмкүнчүлүк. Бул максатка бир гана административдик мажбурлоо менен эмес, терең методикалык трансформация, коомдук колдоо жана туура түзүлгөн мотивациялык инфраструктура аркылуу гана жетүүгө болот.



