Башкы беткеМинистрлер кабинетиБюрократияны кыскарткан жаңы кодекс сунушталды

Бюрократияны кыскарткан жаңы кодекс сунушталды

Мамлекеттик органдар менен жарандардын мамилесин жөнгө салган жаңы «Административдик ишмердүүлүк жана жол-жобо жөнүндө» кодекс сунушталууда. Мыйзам долбоору Юстиция министрлиги тарабынан иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду.

Сунушталган документке ылайык, мамлекеттик органдардын чечим кабыл алуу тартиби өзгөрүп, жарандардын укуктарын коргоо механизмдери күчөтүлөт.

Демилгечилердин айтымында, кодекстин негизги максаты мамлекеттик башкарууну жөнөкөйлөтүү, бюрократияны кыскартуу жана мамлекеттик органдар менен жарандардын ортосундагы мамилени ачык-айкын кылуу.

Кодекстин долбоорунда административдик жол-жоболордун бирдиктүү реестри түзүлүп, анда мамлекеттик кызматтар, талап кылынган документтер, чечим чыгаруунун негиздери жана мөөнөттөрү көрсөтүлөт. Ошондой эле «Бирдиктүү терезе» принциби киргизилип, мамлекеттик органдардагы маалыматтарды жарандардан кайра талап кылууга жол берилбейт.

Мындан тышкары, белгиленген мөөнөттө жооп берилбесе, айрым учурларда арыз автоматтык түрдө канааттандырылган деп эсептелген «үнсүз макулдук» механизми колдонулат. Ошондой эле стандарттуу кызматтар боюнча автоматтык чечим чыгарууга, электрондук документтердин жана электрондук кол тамганын укуктук күчүн таанууга шарт түзүлөт.

Документте сотко чейинки даттануу тартибин жөнөкөйлөтүү, негизсиз документ кабыл алуудан баш тартууга тыюу салуу жана жарандардын административдик чыгымдарын мыйзамда каралган төлөмдөр менен гана чектөө да сунушталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар