Бүгүнкү күндө өлкөнүн башкы максаты – бул тармактагы ички муктаждыкты жабуу менен эле чектелбестен, жашыл энергияны экспорттогон борборго айлануу.
Акыркы беш жылда Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан жашыл энергетиканы өнүктүрүү боюнча жүздөгөн инвестициялык долбоорлорду ишке киргизип, миллиондогон долларлык келишимдерге кол коюшту. Бирок ар бир өлкөнүн энергетикалык мүмкүнчүлүгү, ресурстары жана өнүгүү багыты ар башка болгондуктан, жашыл энергетикага өтүү темпи да айырмаланууда.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн Энергетика министрликтеринин расмий маалыматтарына ылайык, бул чөлкөмдө эң кубаттуу энергетикалык система Казакстанга таандык. Өлкөдө орнотулган электр кубаттуулугу 26,8 ГВттан ашып, жылына 112-115 миллиард кВт сааттан ашык электр энергиясы өндүрүлөт. Бирок бул энергиянын негизги бөлүгү көмүр менен иштеген жылуулук электр станцияларында өндүрүлөт. Казакстан электр энергиясынын дээрлик 70 пайызы көмүрдөн алынгандыктан, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруу боюнча аймактагы эң жогорку көрсөткүчкө ээ өлкөлөрдүн бири катары каралат. Ошондуктан акыркы жылдары Астана өкмөтү күн жана шамал энергетикасына өзгөчө көңүл буруп, чет элдик инвесторлорду кеңири тартууда. Учурда өлкөдө кайра жаралуучу энергиянын орнотулган кубаттуулугу 3 ГВттан ашып, ондогон күн жана шамал станциялары иштеп жатат. Казакстан 2030-жылга чейин кайра жаралуучу энергиянын үлүшүн кеминде 15 пайызга жеткирүүнү көздөөдө.
Өзбекстан энергетика тармагындагы реформаларды эң ылдам жүргүзүп жаткан мамлекет катары өзгөчөлөнүп калды. Эгер бир нече жыл мурда өлкө дээрлик толугу менен жаратылыш газына көз каранды болсо, бүгүн дүйнөдөгү эң ири энергетикалык компаниялар Өзбекстанда күн жана шамал электр станцияларын куруп жатышат. Сауд Арабиясынын, Бириккен Араб Эмираттарынын жана Кытайдын инвесторлору катышкан долбоорлордун негизинде акыркы жылдары миңдеген мегаватт жаңы кубаттуулуктар курулду. Учурда өлкөдө кайра жаралуучу энергия боюнча бир нече гигаваттык объектилер пайдаланууга берилди, дагы ондогон долбоорлор курулууда. Өкмөт 2030-жылга чейин жалпы электр энергиясынын 40 пайызын кайра жаралуучу булактардан өндүрүүнү пландап жатат. Бул көрсөткүч Өзбекстандын мурдагы энергетикалык моделинен толук баш тартып жатканын көрсөтөт. 2025-жылы Өзбекстан 86,7 миллиард кВт/саат электр энергиясын өндүрсө, анын 16,8 миллиард кВт/сааты (жалпы көлөмдүн 20%га жакыны) күн, шамал жана гидроэлектростанцияларынан (ГЭС) алынган.
Тажикстандын энергетикалык түзүмү Кыргызстандыкына эң жакын. Электр энергиясынын 95 пайыздан ашыгы гидроэлектр станцияларында өндүрүлөт. 2025-жылдын жыйынтыгында өлкөдө 23 миллиард 982,6 миллион кВт/саат (дээрлик 24 млрд кВт/саат) электр энергиясы өндүрүлгөн. Дүйнөдөгү эң ири гидроэлектр станцияларынын бири Нурек ГЭСи иштейт. Азыр Рогун ГЭСинин курулушу уланып жатат. Ал толук ишке киргенден кийин Тажикстандын электр энергиясын өндүрүү көлөмү кескин көбөйүп, өлкө Борбор Азиядагы эң ири экспорттоочулардын бирине айланууну көздөйт. Бирок Тажикстанда дагы Кыргызстандагыдай эле энергетика негизинен суунун көлөмүнө көз каранды бойдон калууда. Кургакчылык жылдары өндүрүш төмөндөп, электр энергиясына чектөөлөр киргизилген учурлар кездешет.
Түркмөнстандын энергетикасы болсо таптакыр башка моделге негизделген. Өлкө жаратылыш газынын дүйнөдөгү эң ири запастарынын бирине ээ болгондуктан, электр энергиясынын дээрлик 100 пайызын газ менен иштеген станциялар өндүрөт. Ошондуктан кайра жаралуучу энергиянын үлүшү азырынча өтө аз. Бирок акыркы жылдары Түркмөнстан дагы күн жана шамал энергетикасы боюнча алгачкы долбоорлорду баштап, энергетикалык диверсификацияга көңүл бура баштады. Түркмөнстанда жылына орто эсеп менен 30 миллиарддан 35 миллиард кВт/саатка чейин электр энергиясы өндүрүлөт. Түркмөнстандын тарыхында биринчи жолу салттуу эмес энергия булактарына өтүү башталып, Балкан велаятында өлкөдөгү алгачкы 10 МВт кубаттуулуктагы күн жана шамал станциясы курулган. 2026-2028-жылдарга чейин дагы бир 100 МВттык күн станциясын куруу жана Лебап велаятында 300 МВт кубаттуулуктагы (жылына 1,5 млрд кВт/саат өндүрө турган) ири күн панелдеринин долбоору ишке ашырылууда.
Бул өлкөлөрдүн фонунда Кыргызстан өзгөчө орунду ээлейт. Бир караганда өлкө жашыл энергетика боюнча аймактагы эң алдыда турган мамлекет сыяктуу көрүнөт. Анткени электр энергиясынын басымдуу бөлүгү гидроэлектр станцияларында өндүрүлөт. Башкача айтканда, Кыргызстан кайра жаралуучу энергияга негизделген өлкө. Бирок бул көрсөткүчтүн экинчи жагы да бар. Энергетиканын толугу менен гидроэнергетикага көз каранды болушу климаттык өзгөрүүлөргө жана суу ресурстарынын көлөмүнө түздөн-түз байланыштуу. Суу аз болгон жылдары электр энергиясынын тартыштыгы жаралып, өлкө импортко көз каранды болуп калат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда мамлекеттик жана жеке менчикти кошкондо 40тан ашуун гидроэлектр станциясы иштеп жатат. Алардын жалпы кубаттуулугу 4 миң мегаваттан ашат. Ошол эле учурда өлкөнүн техникалык гидроэнергетикалык потенциалы 142 миллиард кВт•сааттан ашык деп бааланганы менен анын болгону 10-13 пайызы гана пайдаланылууда.
Учурда Кыргызстандын энергетика тармагы эң маанилүү өзгөрүүлөрдүн босогосунда турат. Өлкө мурдагыдай эле Борбор Азиядагы эң ири гидроэнергетикалык потенциалга ээ мамлекет бойдон калганы менен, электр энергиясына болгон ички суроо-талаптын тездик менен өсүшү жаңы кубаттуулуктарды түзүүнү жана жашыл энергетиканы өнүктүрүүнү мамлекеттик саясаттын башкы артыкчылыктарынын бирине айландырды. Акыркы төрт-беш жылда энергетика тармагында ондогон жаңы долбоорлор башталып, чакан гидроэлектр станциялары курулуп, күн жана шамал энергетикасына инвестициялар тартылып, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө багытталган реформалар жүргүзүлүүдө.
Өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясынын болжол менен 90-95 пайызы гидроэлектр станцияларында өндүрүлөт. Жалпы кубаттуулуктун басымдуу бөлүгү Нарын дарыясынын каскадындагы ири гидроэлектр станцияларына туура келет. Өлкөдө учурда мамлекеттик жана жеке менчик гидроэлектр станциясы иштеп жатат. Алардын ичинде эң ирилери – Токтогул ГЭСи (1200 МВт), Күрп-Сай ГЭСи (800 МВт), Таш-Көмүр ГЭСи (450 МВт), Шамалды-Сай ГЭСи (240 МВт), Үч-Коргон ГЭСи (180 МВт) жана Ат-Башы ГЭСи (40 МВт). Мындан тышкары Бишкек ЖЭБи дагы өлкөнүн энергетикалык балансында маанилүү орунду ээлейт.
Бирок акыркы жылдары электр энергиясын керектөө өндүрүшкө караганда ылдамыраак өсүп жатат. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы үч жылдын ичинде эле өлкөнүн электр тармагына 96 миңден ашуун жаңы турмуш-тиричилик абоненти жана төрт миңден ашык өндүрүш ишканасы кошулган. Калктын санынын көбөйүшү, жаңы турак жайлардын курулушу, өндүрүштүн кеңейиши жана электр менен жылытууга өтүүнүн күчөшү электр энергиясына болгон суроо-талапты мурдагыдан да арттырды. Натыйжада Кыргызстан кыш мезгилинде айрым учурларда электр энергиясын импорттоого аргасыз болуп келет. Ушундай шартта мамлекет жаңы генерациялык кубаттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурууда. 2021–2025-жылдары жалпы кубаттуулугу 109,8 МВт болгон 27 чакан гидроэлектр станциясы пайдаланууга берилди. Бул объектилер жылына болжол менен 427 миллион кВт•саат электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
2026-жыл дагы бул багыттагы эң активдүү жылдардын бири болууда. Энергетика министрлигинин планы боюнча жыл соңуна чейин жалпы кубаттуулугу 81,03 МВт болгон дагы 13 чакан ГЭС ишке берилет. Алардын арасында Орто-Токой (21 МВт), Түп (9 МВт), Сокулук-3 (9,5 МВт), Кичи-Кемин (7,1 МВт), Лейлек (6 МВт), Туюк (5,9 МВт), Көңдүк (5,3 МВт), Алай Гидро (4,4 МВт) сыяктуу объектилер бар. Бул жаңы станциялар жыл сайын 348,3 миллион кВт•саатка чейин электр энергиясын өндүрөт деп күтүлүүдө. Ал эми 2026–2030-жылдары дагы 48 чакан ГЭС курулуп, алардын жалпы кубаттуулугу 421,26 МВтка жетет.
Энергетикадагы эң чоң өзгөрүү гидроэнергетика менен гана чектелбейт. Кыргызстан акыркы жылдары күн жана шамал энергетикасын өнүктүрүүгө да олуттуу көңүл бура баштады. Буга чейин өлкөдө мындай долбоорлор дээрлик жок болсо, азыр бир нече ири күн электр станцияларын куруу боюнча инвестициялык келишимдер түзүлүп жатат. 2026-жылы Жашыл энергетика фонду жалпы кубаттуулугу 1300 МВт болгон үч ири күн электр станциясын жана бир катар чакан ГЭСтерди куруу үчүн конкурс жарыялады. Бул долбоорлор ишке ашса, Кыргызстанда күн энергетикасынын жаңы этабы башталат.
Жашыл энергетиканы өнүктүрүүдө негизги координатор болуп 2022-жылы түзүлгөн Жашыл энергетика фонду эсептелет. Акыркы жылдары фонд аркылуу кайра жаралуучу энергия булактары боюнча ондогон долбоорлорго инвесторлор тартылды. Мамлекет гидроэнергетика менен катар күн жана шамал энергетикасынын үлүшүн көбөйтүү, жеке секторду кеңири тартуу жана энергиянын жаңы булактарын түзүү максатын көздөйт.
Адистердин баамында Кыргызстанда жаңы гидроэлектр станцияларын куруу үчүн дагы эле чоң резерв бар. Ошол эле учурда өлкөнүн түштүк аймактарында күндүн тийүү узактыгы жылына 270–300 күнгө жетет, бул күн энергетикасын өнүктүрүүгө да жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.
2030-жылга чейинки мамлекеттик өнүктүрүү программасында энергетика эң маанилүү тармактардын бири катары аныкталып, Министрлер Кабинети кайра жаралуучу энергия булактарынын негизинде жылына 7,5 миллиард кВт•саатка чейин электр энергиясын өндүрүүнү, электр тармактарындагы жоготууларды 10 пайызга чейин азайтууну, кепилденген кубаттуулуктардын резервин 550-700 МВтка чейин көбөйтүүнү жана генерациядагы жашыл энергиянын үлүшүн 92 пайыз деңгээлинде сактоону максат кылууда. Ошондой эле 2030-жылга чейин жалпы кубаттуулугу 5350 МВтка чейинки күн жана шамал электр станцияларын куруу пландалууда.
Ошентсе да тармактын алдында чечиле турган маселелер аз эмес. Алардын эң негизгилери энергетикалык дефицит, жабдуулардын эскириши, суу ресурстарынын көлөмүнө көз карандылык, электр тармактарындагы жоготуулар жана инвестициянын жетишсиздиги. Бирок акыркы жылдары башталган реформалар, жаңы гидроэлектр станцияларынын курулушу, күн жана шамал энергетикасына ири инвесторлордун кызыгуусу Кыргызстанды жакынкы жылдары электр энергиясын импорттоочу өлкөдөн экспорттоочу мамлекетке айландыруу мүмкүнчүлүгүн күчөтүүдө.
Акыркы төрт жыл ичинде өлкөнүн энергетика тармагында олуттуу өзгөрүүлөр болду. Жалпы кубаттуулугу 100 мегаваттан ашкан ондогон чакан гидроэлектр станциялары пайдаланууга берилди. Жашыл энергетика фонду түзүлүп, күн, шамал жана чакан ГЭС долбоорлору үчүн жер тилкелери конкурстук негизде сунуштала баштады. Бир нече чет элдик компаниялар менен күн электр станцияларын куруу боюнча келишимдер түзүлүп, жүздөгөн мегаватт жаңы кубаттуулуктарды түзүү боюнча иштер жүрүп жатат.
Ошентсе да, аймактык масштабдагы энергетикалык жарышта Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү коңшу өлкөлөргө караганда кыйла чектелүү экени талашсыз. Казакстан көмүргө көз карандылыкты азайтуу үчүн күн жана шамал энергетикасын тездик менен өнүктүрүүдө. Өзбекстан дүйнөлүк инвесторлорду тартып, кыска убакытта миңдеген мегаватт жаңы кубаттуулуктарды түзүүгө жетишти. Тажикстан гидроэнергетикадагы артыкчылыгын ири стратегиялык объектилер аркылуу бекемдеп жатат. Ал эми Кыргызстан азырынча гидроэнергетикага таянган салттуу моделден күн жана шамал энергетикасына өтүүнүн баштапкы этабында турат.
Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»



