Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда “Дүйнөнүн Памири – Түбөлүктүү Манас” аталышындагы XII Эл аралык “Манас” маданий туризм фестивалы башталды.
Фестивалдын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жетекчиси Нурбек Талантбеков катышты.
Иш-чаранын негизги максаты — “Манас” эпосун сактоо, кеңири жайылтуу жана дүйнөлүк деңгээлде таанытуу, ошондой эле маданий туризмди өнүктүрүү.
Фестивалдын алкагында маданият жана туризм багытындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган бир катар келишимдерге кол коюлуп, “Манас медиа” мобилдик тиркемеси жана эпоско арналган жаңы маданий долбоорлор тааныштырылды.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, фестивалдын ачылышына 15 миңден ашуун адам катышты. Иш-чара 40тан ашык маалымат платформасы аркылуу түз көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдүн саны 21,7 миллионго жеткен.
XII Эл аралык “Манас” маданий туризм фестивалы 20-июлга чейин уланат. Анын программасында эл аралык форумдар, маданий мурас көргөзмөлөрү, концерттер жана этномаданий иш-чаралар каралган.



