Башкы беткеМинистрлер кабинетиЭкспортко чыга турган мал азыктары "Тулпар" системасы аркылуу текшерилет

Экспортко чыга турган мал азыктары “Тулпар” системасы аркылуу текшерилет

Экспортко чыгарылуучу жаныбарлардан алынган продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу жана ветеринардык-санитардык талаптарга шайкештигин текшерүү үчүн сертификат берүү процесси “Тулпар” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлүүдө.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, сертификат алуу үчүн ишкерлер алгач система аркылуу электрондук арыз жөнөтүшөт. Андан кийин ветеринардык адистер продукцияны текшерип, анын өндүрүлгөн күнү, жарактуулук мөөнөтү жана коштоочу документтер тууралуу маалыматтарды системага киргизишет.

Мындан соң продукциядан үлгүлөр алынып, лабораториялык текшерүүгө жөнөтүлөт. Изилдөөнүн жыйынтыгы да “Тулпар” системасына киргизилет.

Эгер продукция белгиленген талаптарга жооп берсе, ветеринардык сертификат электрондук система аркылуу таризделип, ишкерге берилет.

Министрликтин маалыматына караганда, “Тулпар” системасы ветеринардык кызматтарды санариптештирүүгө, документтерди тариздөө процессин жеңилдетүүгө жана экспорттук продукцияны текшерүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар