Кыйын кезең келгенде жалындуу сөздөрдүн баркы кетет. Анткени оор учурда ким чыныгы дос экенин сөз эмес, иш-аракет далилдейт. Ошондуктан «дос кыйынчылыкта билинет» деген орустардын эски макалы бүгүн өзгөчө актуалдуу.
Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалдар рыногунда татаал кырдаалга туш болду. Мен буга чейин бир нече жолу жазгандай, күйүүчү майдын тартыштыгы автоунаа ээлерине гана эмес, өлкөнүн жалпы экономикасына: айыл чарбасына, ташууларга, курулушка, өнөр жайга жана товарлардын баасына таасирин тийгизиши мүмкүн.
Бирок бүгүн жакшы жаңылыктар бар. Күйүүчү-майлоочу материалдардын алгачкы партиясы Кытайдан Кыргызстанга жөнөтүлдү. Ошол эле учурда Беларустан жана Өзбекстандан ташыла баштады. Казакстан менен түзүлгөн келишим дагы ишке ашырылууда.
Конкреттүү кадамдар тууралуу айтсак:
- Кытай күйүүчү-майлоочу материалдарды биринчи жолу автоунаа транспорту аркылуу жеткире баштады.
- Беларусь келишимге кол койду жана күйүүчү май ташыган алгачкы темир жол курамдары Кыргызстанга келди.
- Казакстан ай сайын 15–20 миң тонна мазут жеткирип турмакчы болууда. Ал кайра иштетүүдөн кийин АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди жана К4, К5 экологиялык стандарттарына жооп берген дизель майын өндүрүүдө колдонулат.
- Өзбекстан да Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды жөнөтө баштады.
Бул жөн гана дипломатиялык билдирүүлөр эмес, өлкөбүз үчүн оор учурда көрсөтүлүп жаткан чыныгы жардам.
Ошол эле учурда бийлик узак мөөнөттүү келечек үчүн да туура кадамдарды жасап жатат. Кыргызстан өзүнүн мунай иштетүү тармагын өнүктүрүшү керек. Жалал-Абад облусунда өлкөнүн өзүнүн мунайы бар жана кайра иштетүүчү кубаттуулуктарды өнүктүрүү импортко болгон көз карандылыкты кыйла азайтат. Долбоор ишке ашса, ишкана жылына болжол менен 400 миң тонна мунай продуктуларын чыгара алат.
Модернизациядан кийин Чүй облусундагы «Жунда» мунай иштетүүчү заводу да олуттуу салым кошо алат. Бирок мындай долбоорлорду бир нече жуманын ичинде ишке ашыруу мүмкүн эмес, ага айлар, балким жылдар талап кылынат.
Ошол эле учурда Кыргызстанга жыл сайын керектелүүчү мунай продуктуларынын көлөмү болжол менен 1,6 миллион тоннаны түзөт. Бул 400 миң тонна өндүрүш ички керектөөнүн төрттөн бир бөлүгүн гана жаба алат дегенди билдирет. Бул чоң кадам, бирок маселени толугу менен чечүүгө азырынча жетишсиз.
Ошондуктан бүгүн достук мамиледеги мамлекеттерден келе баштаган мунай каражаттары абдан маанилүү. Кытайдын, Беларустун, Казакстандын жана Өзбекстандын бул жааттагы колдоосу жалындуу сөздөрдөн маанилүү экени айтпаса да белгилүү.
Анткени айрым өлкөлөр өздөрүн биздин досубуз деп атаганды жакшы көрүшөт. Бирок чыныгы достук сөз менен эмес, иш менен сыналат.
Дал ушундай оор учурда ким чындап кол сунууга даяр экени билинет.
Азамат Касыбеков, “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйүнүн баяндамачысы 



