Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров алдыдагы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны жана ШКУ+ форматындагы жолугушуу Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгынын жыйынтыктоочу этабы болорун билдирди.
Ал мындай пикирин 24-июлда Чолпон-Ата шаарында Президент Садыр Жапаровдун ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен болгон жолугушуусунда айтты.
Лавровдун айтымында, Бишкекте өтө турган саммит ШКУнун өнүгүүсүндө жаңы этапты баштап, уюмдун алдында турган милдеттерди чечүү боюнча мамлекеттердин биргелешкен аракеттерине кошумча дем берет.
Ошондой эле ал Кыргызстанга жолугушууну жогорку деңгээлде уюштурганы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.
Мындан тышкары, Россиянын тышкы иштер министри ШКУнун расмий жана жумушчу тилдеринин катарына англис тилинин киргизилишин маанилүү чечим катары баалады.
Анын айтымында, бул кадам уюмдун мындан аркы кеңейишине жана эл аралык деңгээлдеги ролун бекемдөөгө өбөлгө түзүп, мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнүн ишин жеңилдетет.



