Башкы беткеСаясатОш менен Наманган кызматташтыкты кеңейтүү боюнча меморандумга кол койду

Ош менен Наманган кызматташтыкты кеңейтүү боюнча меморандумга кол койду

Ош шаарынын делегациясы Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн боордош шаарлардын эл аралык форумуна катышты.

Иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Япония, АКШ, Франция жана Россиянын муниципалитеттеринин өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана бизнес өкүлдөрү чогулду.

Форумдун алкагында Ош менен Наманган шаарларынын ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык, билим берүү, маданият жана спорт багыттарында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Ошондой эле шаардык делегация чет өлкөлүк өнөктөштөр менен жолугушуп, инвестиция тартуу, туризмди өнүктүрүү жана шаардык башкарууну санариптештирүү боюнча биргелешкен долбоорлорду талкуулады.

Мэриянын маалыматына ылайык, эл аралык байланыштарды кеңейтүү Ош шаарынын инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар