Бишкекте “Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйүнүн жетекчилиги Кытай Эл Республикасынын “Синьхуа” мамлекеттик маалымат агенттигинин делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн маалымат айдыңындагы өнөктөштүктү жаңы деңгээлге көтөрүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелерин кеңири талкуулашты.
Андан сырткары, тараптар эл аралык деңгээлде өтө турган медиа-саммиттерге катышуу жана эки өлкөнүн журналисттеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу багытында кызматташууну тереңдетүүнү сүйлөшүштү.
Жыйынтыгында “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйү жана “Синьхуа” агенттигинин өкүлдөрү бул өнөктөштүк эки мамлекеттин ортосундагы маалыматтык байланышты чыңдоого жана коомчулукка калыс маалыматты өз убагында жеткирүүгө чоң өбөлгө түзөрүн белгилешти.






