Башкы беткеСаясатМарлен Маматалиев: "Кыргызстандын жери чет элдиктерге сатылбайт"

Марлен Маматалиев: “Кыргызстандын жери чет элдиктерге сатылбайт”

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын аймагын чет элдиктерге сатууга же өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам кабыл алынбай турганын билдирди.

Анын айтымында, учурда коомчулукта талкууланып жаткан мыйзам долбоору парламентке келе элек. Ошентсе да ал документ менен алдын ала таанышып чыкканын белгилеп, анда жерди сатуу эмес, тескерисинче мамлекеттик жерлерди ижарага берүү тартибин күчөтүү каралганын айтты.

Төраганын айтымында, мыйзам долбоорунда жер тилкесин максаттуу пайдаланбаган инвесторлордон аны мамлекетке кайтаруу механизми сунушталууда. Маселен, завод же фабрика куруу үчүн ижарага алынган жер кийин турак жай курууга пайдаланылбайт.

Мындан тышкары, жайыттарды, кен чыккан жерлерди, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жана жаратылыш ресурстарына байланыштуу башка жерлерди ижарага берүүгө тыюу салуу сунушталууда.

Ошондой эле жерди ижарага берүү мөөнөтү чектелмекчи. Долбоорго ылайык, жер алгач 10 жылга берилет. Инвестор өз милдеттенмелерин аткарса, ижара мөөнөтү дагы 25 жылга, андан кийин эң көп дегенде 50 жылга чейин узартылышы мүмкүн. Бул мөөнөт аяктагандан кийин жер кайра мамлекеттин карамагына өтөт.

“Президент дагы, Жогорку Кеңеш дагы, эл дагы буга жол бербейт. Кыргызстандын бир метр жери да башка мамлекетке өтпөйт. Мыйзам долбоору парламентке келгенде бардык жагы талданат. Бирок кыргыз жерин сатууга же башка өлкөгө өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам эч качан кабыл алынбайт”, – деди Марлен Маматалиев.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар