Бүгүн Ысык-Көл облусунда Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун III форуму өтөт.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматына ылайык, быйылкы форум “Кыргызстан менен Өзбекстандын университеттеринин стратегиялык өнөктөштүгү: кызматташуунун инновациялык моделдери, академиялык интеграция жана жогорку билим берүү, илим жана инновацияларды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү” деген темада уюштурулат.
Форумдун алкагында пленардык жыйын өтүп, эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда кызматташууну кеңейтүүгө багытталган меморандумдарга жана макулдашууларга кол коюлат. Ошондой эле студенттик стартаптардын көргөзмөсү уюштурулуп, жогорку билим берүү, илим жана инновациялар боюнча бир катар панелдик талкуулар өткөрүлөт.
Иш-чарага Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлору, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, илимий жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү катышып, эки өлкөнүн университеттеринин өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүү жолдорун талкуулашат.



