Кыргызстандын кылымдарды карыткан тарыхый жолунда ар түрдүү этностордун өкүлдөрү «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып», тынчтыкта биргеликте жашап келишкен. Бүгүнкү күндө да өлкө аймагында жүздөн ашуун этностун өкүлдөрү мамлекетибиздин өнүгүшүнө, анын социалдык-экономикалык, маданий жана руханий жактан калыптанышына өздөрүнүн салымын кошуп келишет.
Биздин тилибиз, маданий өзгөчөлүктөрүбүз же динибиз ар башка болгону менен, баарыбызды бириктирип турган улуу баалуулук – бул Кыргызстан деген мекенибиз жана келечекке болгон бирдиктүү үмүт-тилегибиз. Мына ушул себептен этностор аралык биримдик менен ынтымак – жөн гана коомдогу күнүмдүк мамилелердин көрүнүшү эмес, ал эгемендигибизди, улуттук коопсуздугубузду жана пайдубалы бекем мамлекеттүүлүгүбүздү бөлүп-жарбай кармап турган тирек.
Акыркы жылдары болуп жаткан геосаясий өзгөрүүлөр, куралдуу кагылышуулар, эл аралык миграциялык агымдардын күчөшү, глобалдык экономикалык туруксуздук жана маалыматтык согуштар ар бир эгемен мамлекеттин ички биримдигине олуттуу сыноолорду жаратууда. Эл аралык деңгээлдеги бул процесстер менен коркунучтар Кыргызстанды да кыйгап өтпөй турганы айдан ачык. Азыркы татаал шартта коомдун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн жалаң гана экономикалык өсүштүн көрсөткүчтөрү жетишсиз экени турмуш чындыгы. Коомдун баалуулуктарын сактоодо элдин ички биримдиги, мамлекеттик институттарга жана анын саясатына болгон терең ишеним, мыйзамдуулукту урматтоо, ошондой эле атайын уюштурулган чагымчыл жана жалган маалыматтарга каршы туруу жөндөмүн калыптандыруу эң башкы орунга чыгууда.
Мындай жоопкерчиликтүү жана татаал мезгилде көп улуттуу элибиздин ынтымагын чыңдоо, улуттук биримдикти бекемдөө багытында мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун биргелешкен, ырааттуу аракети аба-суудай зарыл. Келечек муунду улуттар аралык урмат-сыйдын, бири-бирин түшүнүүнүн, сабырдуулуктун жана бийик мекенчилдик духтун негизинде тарбиялоо, биздин эртеңки туруктуу жана бакубат келечегибиздин эң башкы кепилдиги. Бири-бирибизди угуп, коомдогу түрдүү маданий айырмачылыктарды бөлүнүүнүн эмес, биримдиктин булагы катары кабыл алып, жалпы улуттук деңгээлдеги бийик максаттардын айланасында баш кошкондо гана биз сырткы жана ички коркунучтарга туруштук берип, өнүккөн бакубат Кыргызстанды кура алабыз.
Социалдык-экономикалык жана саясий өнүгүүнүн азыркы этабында коомдогу эң чоң чакырыктардын бири маалыматты таркатуудагы жоопкерчиликсиздик жана анын аймактарга, социалдык катмарларга тийгизген терс таасири экендиги айкын. Мурда маалыматты коомчулукка негизинен мамлекеттик жана кесипкөй маалымат каражаттары, такталган архивдик жана аналитикалык булактарга таянган тажрыйбалуу журналисттер таратса, бүгүнкү күндө колунда смартфону бар ар бир жаран өз алдынча маалымат таратуучуга айланды. Санариптешүүнүн бул жетишкендиги сөз эркиндигин жана демократиялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейткени менен, экинчи жагынан жарандардан өтө чоң коомдук жана адеп-ахлактык жоопкерчиликти талап кылат.
Тилекке каршы, социалдык тармактарда текшерилбеген кабарлар, контексттен жулунуп алынган сүрөттөр, заманбап технологиялардын жардамы менен монтаждалган видеолор жана атайылап уюштурулган чагымчыл билдирүүлөр жеке баракчалар аркылуу ылдам жайылууда. Айрым учурларда бир нече жыл мурда болгон же таптакыр башка мамлекеттерде орун алган окуялар Кыргызстандагы азыркы кырдаал катары бурмаланып көрсөтүлгөн учурлар кездешет. Мындай көрүнүштөр катардагы окурмандарды жана коомдук пикирди адаштырып эле койбостон, калктын түрдүү катмарларынын ортосунда ишенимсиздикти, кооптонууну күчөтүшү толук мүмкүн.
Өзгөчө этностор аралык мамилелерге жана улуттук нарктарга байланышкан жалган маалыматтар өлкөнүн туруктуулугу үчүн өтө кооптуу. Себеби мындай маалыматтар адамдардын улуттук сезимдерине жана ички туюмуна түз таасир этип, жасалма чыңалууну жаратууга жөндөмдүү. Ошондуктан ар бир тарап жаткан кабарды расмий жана ишенимдүү булактар аркылуу текшерүү, маалыматка сын көз менен карап, сабырдуулук көрсөтүү азыркы заманда улуттук коопсуздукту сактоонун эң негизги талабы болуп калды.
Адистер жана аналитиктер белгилегендей, бүгүнкү санариптик доордо маалыматты окуп билүү жетишсиз, аны терең талдап, башка фактылар менен салыштырып, баштапкы булагын аныктап жана анын кандай максатта жарыяланганын түшүнө билүү өтө зарыл. Кыргызстанда интернет колдонуучулардын саны жылдан-жылга болуп көрбөгөндөй ылдамдык менен өсүүдө. Жаш муундун басымдуу бөлүгү негизги маалыматтарды салттуу маалымат каражаттарынан же телевизордон эмес, TikTok, Facebook, Instagram, Telegram жана YouTube сыяктуу платформалар аркылуу алышууда. Бул аянтчалар билим алууга, дүйнө таанууга чоң өбөлгө түзгөнү менен, ошол эле учурда жалган жана чагымчыл маалыматтардын эң ылдам тарашына шарт түзүүдө.
Айрым ресурстар окурмандардын көңүлүн буруу, “лайкты” көбөйтүү же рейтингге ээ болуу үчүн чындыкка дал келбеген сенсациялык аталыштарды колдонушат. Ал эми айрым чагымчыл топтор атайылап деструктивдүү маалымат таратып, коомдо дүрбөлөң жаратууну жана коомдук ынтымакка доо кетирүүнү көздөшөт. Мындай татаал шартта жарандардын медиа сабаттуулугун жогорулатуу, маалыматтык сабаттуулукту калыптандыруу мамлекеттик деңгээлдеги стратегиялык маанилүү маселеге айланып отурат.
Этностор аралык ынтымакка доо кетирген негизги факторлорду изилдегенде, коомдогу социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн улуттук өңүткө жасалма түрдө бурулуп кетиши башкы орунда турат. Жумушсуздук, социалдык теңсиздик, ресурстардын жетишсиздиги же билим деңгээлиндеги айырмачылык сыяктуу турмуштук кыйынчылыктар түпкүлүгүндө этностук мүнөзгө ээ эмес. Бирок айрым чагымчыл топтор же аң-сезими төмөн жарандар турмуштук келишпестиктерди улуттар аралык маселе катары сыпаттоого аракет кылышат. Мындай бурмалоо коомдо бири-бирин түшүнбөөчүлүктү тереңдетип, тиричилик тирешин этностук араздашууга айландыруу коркунучун жаратат.
Социалдык-экономикалык себептерден тышкары, бүгүнкү күнү коомдук ынтымакка интернеттеги кастыкты козуткан билдирүүлөр олуттуу коркунуч жаратарына шек жок. Социалдык тармактардагы кемсинткен комментарийлер, улуттук же маданий өзгөчөлүктөрдү мазактоо жана кастыкты козуткан риторика анонимдүүлүктүн артына жашынгандар тарабынан кеңири колдонулган учурлар бар. Мындай көрүнүштөр жөн гана эмоцияны билдирбестен, ал коомдук аң-сезимди уулантып, түрдүү этнос өкүлдөрүнүн ортосунда психологиялык тосмолорду жана ишенимсиздикти жасалма түрдө калыптандырат.
Эксперттер белгилегендей, виртуалдык мейкиндиктеги мындай терс билдирүүлөрдү жөн гана “интернеттеги жеке пикир” катары баалап, кайдыгер кароого болбойт. Санарип аянтчаларында айтылган ар бир кастык сөз, жазылган терс комментарий реалдуу жашоодогу адамдардын мамилесине, коомдогу моралдык маанайга жана өлкөнүн коопсуздугуна түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан интернеттеги кастыкты козутуучу чакырыктарга каршы коомдук коргонууну калыптандыруу жана аны менен укуктук да, агартуучулук да деңгээлде күрөшүү өлкөдөгү туруктуулукту сактоонун башкы шарты. Санариптешүү доорунда жаштардын дүйнө таанымы салттуу тарбия институттарынан (үй-бүлө, мектеп, коом) интернет жана социалдык тармактардын таасирине ооп баратканы азыркы коомдун олуттуу маселелеринин бири. Мурда баланын баалуулуктары ата-эненин үлгүсү жана мугалимдин таалими аркылуу калыптанса, бүгүнкү күнү маалыматты талдоосуз кабыл алган “клиптик ой жүгүртүү” үстөмдүк кылууда. Социалдык тармактардагы кыска, эмоционалдуу жана көбүнчө текшерилбеген контент жаш муундун окуяларга карата ой жүгүртүүсүндө катачылыктарга кабылуусуна жана манипуляциялык чагымдарга тез алдануусуна өбөлгө түзүүдө.
Маалыматты кабыл алуудагы мындай өзгөрүүлөр жарандык жоопкерчиликти калыптандырууга да жаңыча мамиле жасоону талап кылат. Бүгүнкү күндө жарандык аң-сезим жөн гана мыйзамдарды билүү менен чектелбестен, эң оболу маалыматтык сабаттуулукту сактоодон жана виртуалдык мейкиндиктеги жоопкерчиликтен башталат. Жаштар интернетте бөлүшкөн же комментарий берген ар бир сөз коомдогу социалдык чыңалууга, этностор аралык ынтымакка же реалдуу адамдардын тагдырына түз таасир этерин аңдап билиши керек. Бул шартта тарбиялык саясат бөгөт коюу же чектөө жолу менен эмес, сынчыл ой жүгүртүүнү өстүрүү зарыл.
Ошондуктан санариптик доордо үй-бүлө жана билим берүү системасы баланын турмуштагы туура жол көрсөтүүчүсү болуучу болушу кажет. Ата-энелер балдарды маалыматтын булагын текшерүүгө, анын түпкү максатын талдап-таразалоого жана түрдүү көз караштарга урмат-сый менен мамиле кылууга тарбиялоосу тийиш. Натыйжада интернетти толугу менен чектөө мүмкүн болбогон заманда, жаштарды жалган менен чындыкты ылгай алган, коомдук ынтымакты туу туткан аң-сезимдүү жаран катары калыптандыруу гана туруктуу келечектин кепилдиги боло алат.
Заманбап маалыматтык коомдо маалымдоо каражаттары да, социалдык тармактагы аудиториясы бар блогерлер да коомдук пикирди жана эмоционалдык маанайды калыптандыруучу эң чоң таасирдүү күчкө айланды. Жөнөкөй пост же видео материал бир нече мүнөттүн ичинде миңдеген адамдарга жетип, өлкөдөгү социалдык же этностор аралык туруктуулукка түздөн-түз таасир тийгизет. Ушул себептен журналисттер менен блогерлер “хайп” же рейтинг артынан кубалабастан, ар бир таратылган маалыматтын, сүрөттүн же видеонун артында турган моралдык, укуктук жана социалдык жоопкерчиликти терең сезиши зарыл.
Маалыматты “биринчи болуп жарыялоо” жарышында тактык менен калыстык экинчи планга сүрүлүп калганда, коомдо чоң тобокелчиликтер жаралат. Текшерилбеген, жалган же бурмаланган маалымат бир жолу желеге тарап кеткенден кийин, аны кийинчерээк расмий төгүндөө же өчүрүү мурдагы терс кесепеттерди толугу менен жууп кете албайт. Фейк кабар жараткан дүрбөлөң, коомдогу ишенимсиздик жана чыңалуу адамдардын аң-сезиминде сакталып кала берет. Ошондуктан кесипкөйлүктүн эң башкы максаты тездик эмес, маалыматтын булагын кылдат талдоо жана тактыгын кепилдеген фактчекинг болушу керек.
Ошол эле учурда маалыматтык мейкиндиктеги туруктуулук бир гана медиа өкүлдөрүнө эмес, мамлекеттик органдардын ачыктыгынан да көз каранды. Мамлекеттик мекемелер маанилүү окуяларга карата өз убагында, так жана ыкчам түшүндүрмө бербесе, коомдо маалыматтык боштук пайда болот. Ал эми заманбап медиа дүйнөсүндө бош калган орунду заматта аналитикалык негизи жок ушак-айыңдар, чагымчыл божомолдоолор жана азгырыктар толтура баштайт. Бул жараянда мамлекеттик мекемелердин ачык диалогу жана ЖМК менен блогерлердин жоопкерчиликтүү мамилеси гана коомдо чындыкка таянган туруктуу чөйрөнү түзө алат.
Дүйнөлүк тажрыйба жана мамлекеттүүлүктүн өнүгүү тарыхы айкын көрсөткөндөй, ички ынтымагы бекем, коомдук биримдиги жогору болгон мамлекеттер гана бардык сырткы жана ички тоскоолдуктарды жеңип, экономикалык жактан туруктуу өнүгүү жолуна түшө алат. Ар бир жаран өзүн мамлекеттин ажырагыс, толук укуктуу бөлүгү катары сезгенде гана өлкөнүн өнүгүшүнө ак дилден салым кошууга аракет кылат.
Этностор аралык ынтымакты чыңдоо мезгилдүү иш-чара эмес, мамлекеттик жана коомдук саясаттын туруктуу, үзгүлтүксүз багыты болушу зарыл. Бул үчүн мектептерде жана жогорку окуу жайларда медиа сабаттуулук сабактарын күчөтүү, жаштар арасында жарандык жоопкерчиликти агартуучулук жол менен калыптандыруу, түрдүү этностордун маданиятын жана каада-салтын тааныткан маданий-агартуучулук биргелешкен долбоорлорду көбөйтүү зарыл. Ошондой эле мамлекеттик органдардын маалыматтык ачыктыгын жогорулатуу, жалган кабарларга каршы ыкчам түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, социалдык тармактарда жек көрүү тилине каршы бийик маданиятты калыптандыруу жана блогерлер менен медиа өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу күн тартибиндеги эң башкы милдеттерден болуп кала берет.
Бүгүнкү күндө мамлекеттин кубаттуулугу жана айбаттуулугу жалаң гана курал-жарак же экономикалык ресурстар менен эмес, эң оболу коомдун ички биримдиги, жарандардын мамлекетке болгон ишеними жана аң-сезимдүү жоопкерчилиги менен өлчөнөт. Этностор аралык ынтымакты бекемдөө, өз ара урмат-сый жана айкөлдүк маданиятын өнүктүрүү, ошондой эле санариптик мейкиндикте жалган маалыматтардын жайылышына бөгөт коюу, эгемендигибизди сактоонун жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун ажырагыс бөлүгү. Ар бир жарандын жоопкерчиликтүү мамилеси, маалыматты талдап-таразалап кабыл алышы, коомдогу түрдүү маданияттарга урмат менен мамиле жасап, мыйзамдуулукту бекем сакташы Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнүн ишенимдүү кепилдиги болору анык.
Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»



