Президент Садыр Жапаров 2024-жылы бекитилген “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасы тууралуу жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизди.
Жаңы өзгөртүүгө ылайык, эми аскер кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат өтөп жаткан мезгилде кызмат өтөгөн жерине карабастан аталган программага катышуу укугуна ээ болушат.
Мында алар программага катышуу үчүн белгиленген бардык талаптарга жооп берип, арыз берүү тартибин сактоого тийиш.
Буга чейин аскер кызматкерлери Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жайды негизинен кызмат өтөп жаткан аймактан гана ала алышчу. Депутаттар бул тартипти өзгөртүү зарылдыгын бир нече жолу көтөрүп келишкен. Алардын айтымында, аскер кызматкерлери кызматтык милдетине байланыштуу өлкөнүн ар кайсы аймактарына которулуп иштегендиктен, бир жерде узак убакыт кызмат өтөшпөйт.



