Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарынын типтүү штаттык түзүмүнө психологдун кызмат орду киргизилди. Бул тууралуу
билим берүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинети 2018-жылдын 23-июлундагы №336 токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди. Аталган өзгөртүү окуучулардын психикалык саламаттыгын сактоо жана чыңдоо үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.
Жаңы тартипке ылайык, мектептердеги психологдордун штаттык бирдиги окуучулардын санына жараша аныкталат:
- 100дөн 275ке чейин окуучусу бар мектептерге – 0,25 штаттык бирдик;
- 276дан 550гө чейин окуучусу бар мектептерге – 0,5 штаттык бирдик;
- 551 жана андан көп окуучусу бар мектептерге – 1 штаттык бирдик каралат.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.



