Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстандын жогорку мамлекеттик сыйлыгы — I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды.
Сыйлыкты бүгүн, 31-июлда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Азербайжан лидерине Чолпон-Ата шаарында анын Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында тапшырды.
“Манас” ордени Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктарынын бири болуп саналат. Ал өлкөнүн өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон, экономикасын жана элинин кызыкчылыгын өнүктүрүүгө эмгек сиңирген, мамлекетти бекемдөөдө, элдин биримдигин чыңдоодо жана өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын арттырууда жетишкен ийгиликтери үчүн берилет.



