Башкы беткеМинистрлер кабинетиӨКМ Ысык-Көлдөгү F1H2O дүйнө чемпионатынын коопсуздугун күчөтүлгөн тартипте камсыздоодо

ӨКМ Ысык-Көлдөгү F1H2O дүйнө чемпионатынын коопсуздугун күчөтүлгөн тартипте камсыздоодо

Ысык-Көлдө суудагы “Формула-1” боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Мелдештин катышуучуларынын, уюштуруучуларынын жана көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

ӨКМдин маалыматына ылайык, мелдеш өтүп жаткан аймактарда куткаруучулар сутка бою нөөмөттө турушат. Акваторияда куткаруучу кайыктар, суучулдар, өрт-куткаруу бөлүмдөрү жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүчү адистер кызмат өтөшөт.

Мелдеш алдында атайын техниканын, куткаруу жабдууларынын, байланыш каражаттарынын жана өздүк курамдын даярдыгы текшерилди. Ошондой эле куткаруучулар шарттуу өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу боюнча машыгууларды өткөрүп, жабыркагандарга жардам көрсөтүү аракеттерин бышыкташты.

ӨКМ мелдеш учурунда жарандарды коопсуздук эрежелерин сактоого, уюштуруучулар менен өзгөчө кызматтардын кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так аткарууга чакырды.

Аталган министрлик эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүүдө адамдардын коопсуздугу башкы артыкчылык бойдон каларын белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар