Башкы беткеМинистрлер кабинетиИИМдин эксперт-криминалисттери Орусия адистери менен квалификациясын жогорулатышты

ИИМдин эксперт-криминалисттери Орусия адистери менен квалификациясын жогорулатышты

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалисттик кызматында Россия Федерациясынын ИИМдин Эксперттик-криминалисттик борборунун адистери өткөргөн квалификацияны жогорулатуу курсун ийгиликтүү аяктаган кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды.

Ага Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев катышты. Эки өлкөнүн кызматташтыгынын алкагында уюштурулган окутуунун жүрүшүндө соттук генетиканын заманбап ыкмалары, геномдук изилдөөлөр жана соттук-эксперттик ишмердүүлүккө алдыңкы технологияларды киргизүү маселелери каралды.

Иш-чарада тажрыйба алмашууга жана эксперттик ишмердүүлүктү өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн россиялык кесиптештер да жогорку сыйлыктарга ээ болушту. Атап айтканда, Россия ИИМдин Эксперттик-криминалисттик борборунун башчысы Вадим Казьмин «Кыргыз милициясына 100 жыл» юбилейлик медалы менен, ал эми адистер Максим Шанин менен Сергей Романов «Колдоо көрсөткөндүгү үчүн» медалы менен сыйланышты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар