Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн аскер кызматчылары ок атуу боюнча мелдешет

Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн аскер кызматчылары ок атуу боюнча мелдешет

Кыргызстанда 5-августта Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн достук армияларынын аскер кызматчыларынын арасында өткөрүлүүчү XVII Спартакиаданын алкагында штаттык жана табелдик куралдан ок атуу боюнча чемпионат башталат. Мелдеш Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүнүн базасында өтөт.

Эл аралык чемпионатка Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүнүн командалары катышып, жеке жана командалык эсепте күч сынашат.

Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн, 3-августта, чемпионаттын катышуучулары Кыргызстанга келип, каттоо жана жайгаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Чемпионаттын расмий ачылыш аземи 5-августта өтөт. Бир нече күнгө созула турган мелдеште аскер кызматчылары АК-3 автоматы жана ПМ-3 тапанчасы менен ок атуу боюнча чеберчилигин көрсөтүшөт.

Белгилей кетсек, быйылкы чемпионатка эркек аскер кызматчылар менен катар аскер айымдар да катышып, жеңиш үчүн ат салышат. Мелдеш КМШ өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы аскердик кызматташтыкты чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана аскер кызматкерлеринин кесиптик даярдыгын жогорулатууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар