Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанда сабиз, картошка, пияз жана ун арзандады

Кыргызстанда сабиз, картошка, пияз жана ун арзандады

Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстан, Казакстан жана Орусиядагы негизги азык-түлүк товарларынын баалары боюнча салыштырма мониторинг жүргүздү.

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда акыркы байкоо мезгилинде бир катар азык-түлүк товарларынын баасы жогорулаган. Тактап айтканда, күрүч 4,4%, импорттук биринчи сорттогу буудай уну 3,6%, тазаланган күн карама майы 2,3%, каймак май 1,4%, уй жана кой этинин баасы 0,9%, ал эми кумшекер 0,4%га кымбаттаган.

Ошол эле учурда айрым азык-түлүктөрдүн баасы төмөндөгөн. Сабиз 1,0%, жергиликтүү биринчи сорттогу буудай уну жана картошка 0,8%, баш пияз 0,6%, пастерленген сүт 0,2%га арзандаган.

Казакстанда болсо мониторинг жүргүзүлгөн товарлардын басымдуу бөлүгүндө баанын төмөндөшү байкалган. Картошка 3,4%, баш пияз 2,5%, күрүч 2,2%, пастерленген сүт менен сабиз 2%, жергиликтүү биринчи сорттогу буудай уну, бөлкө нан, каймак май, уй жана кой эти 1,9%, тазаланган күн карама майы 1,7%, макарон азыктары 1,6%, тоок жумурткасы 1,4% жана кумшекер 1,1%га арзандаган.

Орусияда кумшекердин баасы гана 1,8%га өскөн. Ал эми баш пияз 2,5%, картошка 2,1%, тоок жумурткасы 1,7%, күрүч, сабиз жана каймак май 1%, биринчи сорттогу буудай уну, бөлкө нан жана пастерленген сүт 0,6%, кой эти 0,5%, тазаланган күн карама майы, уй эти жана вермишель 0,4%га арзандаганы аныкталган.

Министрлик белгилегендей, мониторинг ички жана тышкы рыноктордогу баа өзгөрүүлөрүнө туруктуу байкоо жүргүзүү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна талдоо жүргүзүү максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар