Башкы беткеМинистрлер кабинетиБыйыл дыйкандарга 2 миңден ашуун айыл чарба техникасы лизингге берилди

Быйыл дыйкандарга 2 миңден ашуун айыл чарба техникасы лизингге берилди

2026-жылы дыйкандарга жалпы суммасы 6,7 млрд сомдук 2 186 даана айыл чарба техникасы жеңилдетилген лизинг аркылуу берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлик 2011-жылдан бери Министрлер Кабинетинин колдоосу менен «А Банк» жана «Элдик Банк» аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөрдү заманбап техника менен камсыздоо боюнча жети лизинг долбоорун ишке ашырып келет.

Долбоордун алкагында айыл чарба техникалары жана кайра иштетүү тармагына керектүү жабдуулар 6 пайыздык жылдык үстөк менен 7 жылга чейинки мөөнөткө жеңилдетилген шартта лизингге берилүүдө.

Министрликтин маалыматына ылайык, мамлекеттик лизинг долбоорлору ишке киргенден бери дыйкандарга жалпы суммасы 24,8 млрд сомго 11 986 даана айыл чарба техникасы тапшырылган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар