Башкы беткеДүйнөНикол Пашинян кайрадан Армениянын премьер-министри болду

Никол Пашинян кайрадан Армениянын премьер-министри болду

Армениянын президенти Ваагн Хачатурян «Жарандык келишим» партиясынын лидери Никол Пашинянды кайрадан премьер-министр кылып дайындады.

Жаңы парламент ишин баштаган күнү өлкөнүн Конституциясына ылайык өкмөт толугу менен отставкага кетти. Жаңы министрлер кабинети түзүлгөнгө чейин министрлер өз милдеттерин аткара беришет.

Июндагы парламенттик шайлоодо «Жарандык келишим» партиясы добуштардын 50 пайызын алып, парламенттеги 105 орундан 64 мандатка ээ болгон. Бул жыйынтык партияга өкмөттү өз алдынча түзүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Ал арада оппозиция шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартып, мыйзам бузуулар болгонун айтып, Конституциялык сотко кайрылган. Армениянын бийлиги бул дооматтарды четке каккан.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар