Бүгүн, 5-августта Бишкекте Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен “НУРКИДС” ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылган “NurKids” улуттук санариптик экосистемасынын расмий бет ачары өттү.
Бет ачарга Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Рахман Медер жана мугалимдер катышты.
Долбоордун негизги максаты – кыргыз тилиндеги балдар контентин өнүктүрүү, мамлекеттик тилди санариптик мейкиндикте жайылтуу жана улуттук маданий баалуулуктарды жаңы форматта балдарга жеткирүү. Ошондой эле сапаттуу билим берүүчү контентти көбөйтүү жана мектептер, бала бакчалар менен кызматташууну өнүктүрүү каралган.
Долбоордун негиздөөчүсү Нур Сарыгулова бүгүнкү күндө балдар үчүн кыргыз тилиндеги сапаттуу жана коопсуз контентке болгон муктаждык жогору экенин белгиледи.
“Биз долбоорду баштоодон мурда атайын фокус-топторду түзүп, “YouTube” платформасындагы балдар контентине талдоо жүргүздүк. Ата-энелер, педагогдор, психологдор жана кыргыз тили боюнча адистер менен биргеликте иштеп, бүгүнкү күндө 20 саатка жакын видео контент даярдадык. Биз үчүн эң башкысы – балдарга агрессиясыз, тарбиялык жана билим берүүчү мазмундагы коопсуз чөйрөнү түзүү”, – деди ал.
Сарыгулованын айтымында, азыркы учурда долбоордун контенти сегиз багыттан турат. Алардын катарына билим берүүчү сабактар, оюн форматындагы материалдар, мастер-класстар, караоке, тарых жана улуттук баалуулуктарга арналган материалдар камтылган.
Контент 3 жаштан 12 жашка чейинки балдарга ылайыкталган. Ошондой эле “0+” категориясындагы бөбөктөр үчүн жаңы материалдар даярдалып жатат. Келечекте мектеп окуучулары үчүн билим берүүчү видеолорду дагы чыгаруу пландалууда.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жаңы кабыл алынган мамлекеттик программанын алкагында кыргыз тилиндеги балдар үчүн маалыматтык жана маданий контентти өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жыл сайын бөлүнүүчү каражаттын көлөмү буга чейинки программаларга салыштырмалуу үч эсеге көбөйгөн.



