Азербайжан–Кыргыз өнүктүрүү фондунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү кеңейүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, фонддун уставдык капиталын 25 млн АКШ долларынан 100 млн долларга чейин көбөйтүү тууралуу чечимден кийин, 2026-жылдын июнь айында кезектеги капиталдаштыруу жүргүзүлгөн. Натыйжада, 2026-жылдын экинчи кварталынын жыйынтыгы боюнча төлөнгөн капиталдын көлөмү 63,82 млн АКШ долларына жеткен.
“Фонд жалпы наркы 76,67 млн АКШ долларын түзгөн 11 инвестициялык долбоорду жактырган. Мындан тышкары, жалпы суммасы 204 млн доллардан ашкан 37 долбоор кароо баскычында турат. Долбоорлор энергетика, турак жай курулушу, текстиль өнөр жайы, саламаттык сактоо жана курулуш материалдарын өндүрүү тармактарын камтыйт”, – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Азербайжан Президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында фонддун уставдык капиталын 200 млн АКШ долларына чейин көбөйтүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Министрликтин маалыматына караганда, бул чечим биргелешкен инвестициялык долбоорлорду каржылоого, ишкердикти колдоого жана Кыргызстандын экономикасына азербайжандык инвестицияларды көбүрөөк тартууга өбөлгө түзөт.



