Башкы беткеДүйнөБалмуздак кафесинин астынан 900 жылдык тарыхый чиркөө табылды

Балмуздак кафесинин астынан 900 жылдык тарыхый чиркөө табылды

Польшанын Гданьск шаарында жүргүзүлүп жаткан археологиялык казуу иштеринин жүрүшүндө XII кылымга таандык жыгач чиркөөнүн калдыктары табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Адистердин алдын ала маалыматына ылайык, имарат болжол менен 1140-жылы курулган.

Эгер маалымат тастыкталса, бул Польша аймагынан табылган ушул типтеги эң байыркы жыгач чиркөөлөрдүн бири болуп калат.

Археологдор чиркөөнүн калдыктарынан тышкары орто кылымдардагы жыгач турак жайлардын издерин жана көрүстөндү да аныкташты. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, чиркөөнүн айрым конструкциялары 1,5 метрге чейин жакшы сакталган. Ошол эле учурда курулуштун бир бөлүгү коңшу көчөнүн астында калгандыктан, казуу иштери улантылууда.

Шаар бийлиги тарыхый эстеликти бузбай сактап калуу үчүн аны айланасындагы тарыхый катмар менен кошо алып чыгып, консервациялоону жана кийин музей экспозициясы катары коомчулукка көрсөтүүнү карап жатат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар