Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

Президент Садыр Жапаров 7-августта Чолпон-Ата шаарында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров Кыргызстан кыргыз-армян достук мамилелерин мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин белгиледи. Тараптар өз ара сооданы көбөйтүү, өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүү жана инвестиция тартуу зарылдыгына токтолушту.

Өз кезегинде Никол Пашинян Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, эки өлкөнүн эл аралык аянтчалардагы кызматташтыгын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтты.

Ошондой эле Пашинян Кыргызстандагы экономикалык өсүштү белгилеп, Түштүк Кавказдагы транспорттук байланыштардын жакшырышы кыргыз-армян соода-экономикалык алакаларын кеңейтүүгө шарт түзөрүн билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар