АКШдагы окумуштуулар жасалма интеллекттин жардамы менен лабораториялык шартта көбөйө алган жаңы вирустарды биринчи жолу иштеп чыгышты. Изилдөөнүн жыйынтыгы “Science” илимий журналында жарыяланды.
Окумуштуулар вирустардын генетикалык түзүлүшүн түзүү үчүн Evo1 жана Evo2 аттуу жасалма интеллект моделдерин колдонушкан. Бул моделдер вирустардын, бактериялардын, өсүмдүктөрдүн жана адамдын генетикалык маалыматтарынын негизинде үйрөтүлгөн.
Изилдөө учурунда жасалма интеллект түзгөн 302 варианттын ичинен 16сы толук иштей алган бактериофагдарга айланган. Алар адамга зыян келтирбестен, бактерияларга, анын ичинде ичеги таякчасы бактериясына каршы таасир көрсөткөн.
Адистердин айтымында, бул технология келечекте антибиотиктерге туруктуу инфекцияларды дарылоодо колдонулуучу жаңы ыкмаларды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле жасалма интеллекттин синтетикалык биология тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөт.
Ошол эле учурда окумуштуулар мындай технологияларды өнүктүрүүдө биологиялык коопсуздук талаптарын так сактоо зарылдыгын белгилешет. Анткени келечекте бул багыттагы жетишкендиктерди туура эмес колдонуу коркунучу да бар.


