Башкы беткеДүйнөКытайда «Долфин» тайфунуна байланыштуу кызыл деңгээлдеги эскертүү жарыяланды

Кытайда «Долфин» тайфунуна байланыштуу кызыл деңгээлдеги эскертүү жарыяланды

Кытайдын Улуттук метеорологиялык борбору жакындап келе жаткан «Долфин» тайфунуна байланыштуу эң жогорку — кызыл деңгээлдеги эскертүү жарыялады.

Метеорологдордун маалыматына караганда, тайфун Чжэцзян жана Фуцзянь провинцияларынын жээктерине жакын аймактан Кытайдын кургактыгына чыгышы күтүлүүдө. Жекшемби күнү анын борбору Чжэцзян провинциясынын Вэньчжоу шаарынын жээгинен болжол менен 215 чакырым алыстыкта болуп, борборунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 45 метрге жеткен.

Тайфун өлкөнүн бир катар аймактарына, анын ичинде Фуцзянь, Чжэцзян, Шанхай, Шаньдун, Тяньцзинь жана Пекинге нөшөрлүү жаан алып келиши мүмкүн. Айрым жерлерде күн күркүрөп, катуу шамал болушу күтүлүүдө.

Буга чейин «Долфин» Тайвандын түндүгүн аралап өтүп, 632 табигый кырсык катталган. Кулаган бактар, жолдордун жана тоннелдердин бузулушу, контейнерлердин кулашы жана тоо көчкүлөрү катталган. Кырсыктардан алты адам жаракат алган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар